Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Меркелдин жеңишине кыргыз кызы да салым кошту


Канцлер жана Христиан-демократтык партиянын төрайымы Ангела Меркель. 28-сентябрь.
Канцлер жана Христиан-демократтык партиянын төрайымы Ангела Меркель. 28-сентябрь.

Германиянын канцлери Ангела Меркел башындагы Христин-демократтар союзу - ХДС жекшемби күнкү жалпы элдик шайлоодо жеңип чыкты.

Асел Темиралиева-Майер кечээ Ангела Меркел үчүн добуш берди

Канцлер Ангела Меркел ушу аптада жаңы өкмөттүн түзүмү боюнча сүйлөшүүлөрдү Эркин-демократтык партия менен баштайт. Буга дейре ХДС/ХССтин өнөктөшү болуп келген Социал-демократтар 23 процент добуш алса да, жаңы өкмөткө чакырылган жок.

Германияда жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоодо жеңген Христин-демократтар союзунун төрайымы Ангела Меркел ушуну менен экинчи мөөнөткө өкмөттү жетектейт.

Эмне үчүн германиялык шайлоочулар Ангела Меркелге ишеним көрсөтүштү? Бул суроого мюнхендик ишкер Арун Өзгөндүн жообу мындай болду:

- Ангела Меркел шайлоо өнөктүгү учурунда эгерде мага добуш берсеңер, Германияны дүйнөлүк экспортто биринчи орунга алып чыгам деп убада берди. Азыр да Германия тышкы соодада Кытай менен теңтайлашып турат. Меркел Германияны дүйнөлүк экономикалык кризистен тез чыгарды.

Ал эми Берлиндин тургуну, теги кыргызстандык, доктор Асел Темиралиева-Майер 28-сентябрда Ангела Меркел үчүн добуш бердим, ал өткөн төрт жылда өзүн мыкты саясатчы катары көрсөттү дейт:

- Азыр эле телеберүүлөрдөн көрсөтүп жатат. Телеканалдардын бири Ангела Меркелге элдин мамилеси кандай экенин иликтеп сурамжылоо өткөргөн экен. Ошондо суралган адамдардын 80 проценти Меркелди жакшы дешсе, ХДСти элдин 40 проценти гана жакшы деген. Мен Меркел үчүн добуш бердим. Ангела Меркел аябай күчтүү, акылдуу, саясатты таразалап жүргүзгөн оор басырыктуу адам. Ошон үчүн анын эл ичинде кадыр-баркы жогору. Мага Меркелдин сүйлөгөнү, жүрүм-туруму, сүйлөшүүлөрдү кандай жүргүзгөнү жагат. Мисалы, Россияга барып, же АКШга барып, же Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен татыктуу сүйлөшүүүлөрдү өткөрдү.

Алдын-ала маалымдалганга караганда, ХДС/ХСС блогу 33 процент добуш, Социал-демократтар (СДПГ) - 23 жана Эркин демократтар 15 процентке жакын добуш алган. Көңүл бурчу жагдай, ХДС жеңишине карабай, акыркы алтымыш жылда мындай аз добуш алган эмес. Социал-демократтар парламентте экинчи чоң партия болгону менен, соңку төрт жылдагыдай ХДС/ХСС башындагы курама өкмөткө кирбей калды. СДПнын төрагасы Франк-Валтер Штайнмаейр анын партиясы “кыраакы оппозициячыл” болорун билдирди.

Ангела Меркел: Бардык германиялыктардын канцлери болом.

Ангела Меркел шайлоонун алгачкы жыйынтыгын уккандан кийин кризис маалында өлкөнүн бардык жарандарынын канцлери болорун айтты:

- Мен айтып койоюн, бул коркутуу эмес. Себеби, мен элдин колдоосун, ар бир адамдын добушунун маанисин билем. Сабырдуу болууңуздарды суранам. Мен, канцлер катары, бардык германиялыктардын канлери болом. Бул менин сөзүм.

Меркель ал башындагы ХДС/ХСС жаңы өкмөттү Эркин демократтык партия - ЭДП менен түзөт. Өкмөт курамы боюнча ЭДП менен сүйлөшүүлөр ушу жумада башталат. ЭДП салык реформасынын кызуу колдоочусу. Партиянын лидери Гидо Вестервелле тышкы иштер министри болот деп күтүлүүдө.

Ангела Меркелдин алдында жаңы курама өкмөттү түзүүдөн башка да салык реформасын жүргүзүү, энергия саясатын ийкемдүү кылуу жана жаш курагы жетип, карылык боюнча дем алууга чыккан адамдардын ордун толтургандай жумушчу күчүн табуу милдети да турат.
Германиянын экономикалык изилдөөлөр институтунун жетекучиси Клаус Зиммермандын айтышынча, жаңы өкмөт жумушсуздукту жана бюджеттик тартыштыкты азайтуудан башка да элдин картайсуна байланыштуу казынага түшкөн жүктү жеңилдетүүсү шарт:

- Экономикада акыркы төрт жылда пайда болгон демографиялык кырдаалдын өзгөрүүсүн, элдин картайуусун, жумушчу рыногундагы адистерге болгон талап сыяктуу көйгөйлөргө каршы күрөшүү керек. Бизге узак мөөнөткө эсептелген социалдык камсыздоо системасы керек. Жаңы өкмөттүн алдында экономика талап кылган башка дагы толгон-токой иштер бар.

Канцлер Меркел өзү да дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында жаңы өкмөт алдындагы милдеттерге токтолуп, экономикалык өсүүнү тездетүү жана жумуш орундарын түзүү мезгилдин талабы экенин айтты:

- Биз экономикадагы кыйын кезеңди пайдаланып, жаңы жумуш орундарын түзүүбүз жана экономикалык өсүүнү кескин жогорулатышыбыз керек. Бул жөнүндө шайлоо өнөктүгү учурунда кайта-кайта айтканбыз.

Германиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Бирок, Франциянын жана Италиянын президенттери Ангела Меркелди жеңиши менен куттукташты.

XS
SM
MD
LG