Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Бразилия үчүн Олимпиада оюндары чоң огожо


Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Копакабана аттуу белгилүү район бар. Көл жээгинде жайгашкан бул райондун тургундары волейбол жана футбол ойноп дем алышат.

Учурда жээкте чоң экрандуу сыналгылар орнотулуп жатат. Тургундар сыналгы аркылуу тургундар “Олимпиада оюндары Рио-де-Жанейродо өтсүнбү же жокпу?” деген жалпы элдик добуш берүүгө катышат.

2-октябрда (жума күнү) өзүнүн карнавалдары жана шаңдуу Жаңы жыл майрамы менен белгилүү болгон Рио-де-Жанейро 2016-жылы Олимпиада оюндарын кабыл алчу шаарга айланып-айланбары белгилүү болот.

Жакында эле Эл аралык Олимпиада комитети уюштурган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Рио-де-Жанейронун тургундарынын 85 пайызы Олимпиада оюндарын бул шаарда өткөрүүнү кош колдоп колдоору анык болду.

Олимпиада оюндарын өткөрүү укугу үчүн Рио-де-Жанейро менен бирге Чикаго, Мадрид жана Токио ат салышууда. Бирок Бразилияны башка өлкөлөр колдомок болушту. Мисалы, Бразилия менен аскерий кызматташтык тууралуу макулдашкан Франциянын президенти Николя Саркози Рио-де-Жанейронун талапкерлигин колдорун айтса, Испаниянын королу Хуан Карлос эгерде Мадрид талапкерлердин тизмесинен чыгып калса, анда өз добушун Рио-де-Жанейро үчүн берерин билдирди. Мындан сырткары Эл аралык Олимпиада комитетинин айрым мүчөлөрү да Рио-де-Жанейрону колдомок болушууда.

2012-жылы Олимпиада оюндары Лондондо өтөт. Эгерде 2016-жылы Олимпиада оюндары Рио-де-Жанейродо өтүп калса, бул Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула Да Силвага саясий упай алып келмек.
Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин айрым шаарларга өз колдоосун көрсөтүп келген.


Бирок Бразилия ансыз да спорт өлкөсүнө айлангандай болду. Себеби Дүйнөлүк футбол чемпионаты 2014-жылы Бразилияда өтөт. Буга байланыштуу Рио-де-Жанейро жана Сан Паулу шаарларында эл аралык аэропорттор оңдолуп, эки шаар ортосунда жогорку деңгээлдеги темир жол магистралы курулууда.

Рио-де-Жанейро экинчи Испания болууга умтулууда. Испаниянын Барселона шаары 1992-жылы өткөн Олимпиада оюндарынан колдонуп, өзүнүн инфраструктурасын бир кыйла жакшыртып, туризм жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шаарга айланган.

Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин айрым шаарларга өз колдоосун көрсөтүп келген. Мисалы, Комитет 1964-жылы Олимпиада оюндарын Токиодо өткөрүү чечимин кабыл алган. Бул чечим Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин экономикалык жактан аксап калган Жапония үчүн аябай пайда болгон. 1988-жылы Олимпиада оюндары Сеулда өтүп, Кореянын зоболосун да бир кыйла көтөрүп койгон. Ал эми 2008-жылы Кытай бийлиги эл аралык камоодон кутулуу үчүн Олимпиада оюндарын Бээжинде өткөрүүгө далалат жасашкан.

Бразилия да Олимпиада оюндарын Рио-де-Жанейродо өткөрүү менен экономикалык, саясий жана дипломатиялык пайда алууну көздөөдө.

Олимпиада оюндары Рио-де-Жанейродо өтүп калса, туристтерди өзүнө тартуу мүмкүнчүлүгү кыйла жогоруламак. Акыркы он жылда бир топ ири банктар, мыкты адистер Риодон Бразилиянын башка бир шаары – Сан Паулуга кетип жатканы анык.

Бул шаар тууралуу китептин автору Руи Кастро “Рио-де-Жанейро өзүнө өзү болгон ишеним сезимин бекемдеши керек” деп эсептейт. Ал үчүн Олимпиада чоң огожо болмок.
XS
SM
MD
LG