Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

АКШ президенти Самоаны кырсык баскан аймак деп жарыялады


Мунун алдында Тынч океандагы Самоа аралдары цунамиге кабылган эле.
Цунами океанда болгон катуу жер титирөнүн артынан келди. Андан аралдагы өз алдынча Самоа мамлекетинде жана АКШнын
аймагы – Америкалык Самоада кеминде 40 адам каза тапты. Барак Обама мына ошол Америкалык Самоаны “олуттуу кырсык” баскан аймак деп жарыялады. Мындай чечим жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймакка федералдык казынадан жардам көргөзүүгө жол ачат. Кабарларга караганда, суунун бийик толкуну көптөгөн кыштактарды басып калган. Толкун жолундагы турак –үйлөрдү, автоунааларды шыпырып кетти. Океандын түбүндөгү жер титирөөнүн күчү очогу Рихтер таякчасы боюнча сегиз баллга жеткен. Зилзаланын очогу Самоадан 190 чакырымдай батыш тарапта катталган.

XS
SM
MD
LG