Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Ак Үй Ооганстан стратегиясын талкуулайт


Америкалык жоокерлер Фара провинциясында талиптердин жабыт жайларын издеп жүрүшөт. 21-сентябрь 2009-ж.
Америкалык жоокерлер Фара провинциясында талиптердин жабыт жайларын издеп жүрүшөт. 21-сентябрь 2009-ж.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчилери менен кездешет. Анда Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү өтүнүчү талкууланары айтылууда.

Жолугушууда Ооган жериндеги АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы, генерал Стэнли МакКристалдын Ооганстанга кошумча дагы 40 миң аскер жөнөтүү өтүнүчү талкууланат. МакКристал кошумча аскердин зарылдыгы жөнүндөгү бүтүмгө

...биз өз ишибизди аяктамайынча Ооганстанда кала беребиз.
А. Ф. Расмуссен.

Ооганстандагы кырдаалды үч ай бою кылдат изилдегенден соң келген. Жыл аягына чейин аскерлердин саны
Генерал МакКристал Ооганстандагы кырдаал менен үч ай бою өлкөнү кыдырып жүрүп изилдеди.
көбөйтүлбөсө, АКШнын миссиясы ойрон болот, деп жазат генерал 66-барактык рапортунда. Вашингтондун Ооганстандагы максаты: ал-каидачыларды жана алардын союздаштарын талкалап, Ооганстандын коопсуздугун улуттук күчтөрдүн камсыздоосуна жетишүү.

Ооганстанда азыр АКШнын 47 миң колу жана НАТОнун 38 миң аскери бар. Обаманын буйругуна ылайык, быйыл Ооганстанга дагы 21 миң аскер жөнөтүлөт.

МакКристалдын “Нью-Йорк Таймс” гезитине айтышынча, Ак Үй андан Ооганстандагы коопсуздук жагдайы тууралуу калыс маалымат берүүнү сурап, өз пикирин таңуулаган эмес.

Пентагондун өкүлүнүн айтышынча, Ак Үй аймактагы жаңы стратегиясын бекитмейин, Ооганстанга кошумча аскер жиберүү маселесин чечпейт. Жаңы стратегия мартта Обама Ооганстан менен Пакистандагы максатын жарыялагандан бери даярдалып жатат.

Шаршемби күнү болчу талкууга Мамкатчы Хиллари Клинтон, Коргоо министри Роберт Гейтс, АКШнын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын чабарманы Ричард Холбрук, АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын башакими, адмирал Майк Мюллин, АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус жана Улуттук коопсуздук боюнча АКШ президентинин кеңешчиси Жеймс Жонс катышат.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббс шейшемби күнү билдиргенге караганда, МакКристалдын доклады Ооганстанда кырдаал өткөн айдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деген айыптоолордон улам күтүлгөндөн да тез начарлап кеткенин көрсөттү.

НАТОнун Башкатчысы Андерс Фог Расмуссен.
НАТОнун Башкатчысы Андерс Фог Расмуссен да Атлантика кеңешинин дүйшөмбү күнкү жыйынында коалициялык күчтөр Ооганстанда ийгиликке жетпесе, өлкө террорчулардын жайытына айланарын ачык айткан:

- Мен кырдаалды туура түшүнөм. Бул иштин бири да тез жана жеңил эмес. Бизге чыдамкайлык жана чоң ресурс керек. Талиптердин террордук чабуулдарынан дагы көп жаш жоокерлерди жоготобуз. Мен президент Обаманын согушту биз тандабадык, бул зарылчылык деген сөзүнө толук кошулам.

Андерс Фог Расмуссен да генерал МакКристалдай эле жеңишти тездетүү үчүн Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүү зарыл деп санайт.

Президент Обама шейшемби күнү Ак Үйдө Расмуссен менен жолукканда АКШ жана НАТО чогуу аракеттенмейин, Ооган согушунда ийгилик болбойт деди:

- Бул америкалыктардын согушу эмес. Бул НАТОнун миссиясы. Биз ар бир кадамды жасоодо НАТО менен мыктылап масилээтешип жүрөбүз.

Өз кезегинде НАТОнун Башкатчысы НАТО америкалык аскерлерди жалгыз калтырбайт деп ишендирди:

- Бул альянс бекем турат жана биз өз ишибизди аяктамайынча Ооганстанда кала беребиз.

Бирок Кошмо Штаттардын өзүндө, анын ичинде Конгрессте жана Демпартиянын өзүндө Обаманын Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүү планына каршылардын катары өсүүдө. Мисалы, Сенаттын Аскерий комитетинин төрагасы, таасирлүү демократ Карл Левин Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйткөндөн алдың, Ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууну тездетүү зарыл деген көз карашта.

XS
SM
MD
LG