Бул маалыматты Социал-демократиялык фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов ырастап, сөөк Байтик айылы тарапта табылганын жана Шаботоевдин жакындары сөөктү таануу үчүн чакырылганын белгиледи. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев Улуттук телеканал аркылуу берген маалыматында табылган сөөк Шаботоевдики деп шектелип жатканын жана ага аныктыкты экспертиза киргизерин билдирди. Маалыматка караганда, Шаботоевдин сөөгү кайда көмүлгөнүн Жумабек Зикирбаев көрсөтүп берген. Зикирбаевдин кылмыштуу тобу Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражановдун да өлүмүнө тиешеси бар экенин мойнуна алган.(AiT)