Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:25

Палестин бийлиги БУУнун Адам укуктары кеңешине кайрылбайт


Кабарларга караганда, Палестин автономиясы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулун айыптаган резолюция долбоорун киргизүү планын өзгөрттү. Резолюция Газадагы жаңаалды иликтеген комиссиянын баяндамасын колдомок. Ал комиссия Газада аскерий кылмыштарга барганы үчүн эки тарапты тең айыптаган. Израилдин күндөлүк “Haaretz” гезитинин бүгүн жазганына караганда, палестиндер мындай чечимге Вашингтондон жасалган кысымдын натыйжасында барды. Кечээ Израилдин премьер- министри Беньмин Нетаньяху андай резолюциянын кабыл алынуусу тынчтык жараянына “чоң сокку” урарын айткан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG