XXI Жайкы Олимпиада оюндары 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Эларалык олимпиада комитетинин өкүлдөрү 2-октябрда Даниянын борбору Копенгагенде үч айлампадан болгон колго салуудан кийин, Рио-де-Жанейрону тандашты. Ошентип, Олимпиада оюндары биринчи жолу Түштүк Америкада өтөт. Финалдык жашыруун добуш берүүгө Рио-де-Жанейро жана Испаниянын борбору Мадриддин талапкердиги коюлду. АКШнын Чикаго шаары жана Жапониянын байтакты шаары Токио биринчи айлампадан эле чыгып калышты. Өз шаарларына мыяткерлик кылуу үчүн Копенгагенге АКШнын президенти Барак Обама жары Мишел менен, Бразилиянын президенти Луиш Инасио Лула да Сильва, Испаниянын падышасы Хуан Карлос жубайы София менен жана премьер-министр Хосе Луис Родригес Сапатеро, ошондой эле Жапониянын өкмөт башчысы Юкио Хатояма келишкен эле.