Президент Барак Обама улуттук коопсуздук боюнча башкы кеңешчилери менен бул тууралуу Ооганстандагы талиптерге каршы операция башталганына 9 жыл болгон күнү кеңеш курууда. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы ири теракттардан кийин америкалык аскерлер баштаган көп улуттуу күчтөр 7-октябрь күнү Ооганстандагы куралдуу операциясын баштаган.