Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Нарындагы Алыш айылында мектеп жок


Депутат Гулжамал Султаналиеванын билдиришинче, Алыш айылында мектептин жоктугунан окуучулар профсоюз комитетинин имаратында билим алууга мажбур. Имарат айылдан 3 километр алыс жайгашкан. Ал токойго жакын болгондуктан жолдо келе жаткан балдарга талаада жортуп жүргөн чөөлөр коркунуч жаратып келет. Депутат айым өкмөттөн Алыш айылына 192 орундуу мектеп курууга каражат бөлүүсүн өтүндү. Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, президент Курманбек Бакиев өзү бул айылда болуп, абал менен таанышкан. Ал бул жылы мектеп куруп берүүнү жана ага каражат бөлүнө тургандыгын убада кылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG