Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

К.Кадыровго издөө салынды деген кабар тастыкталбады


Бүгүн айрым интернет булактары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет К. Кадыровго издөө салганын жазып чыгышкан. Бирок коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бул маалыматты “Азаттыкка” тастыктаган жок. 18-сентябрда парламент Башкы прокуратуранын Кубанычбек Кадыровду укук коргоо органдарына тергөөгө келбей жаткандыгы үчүн кол тийбестик макамынан ажыратуу өтүнүчүн канааттандырып, “Ак жол” менен коммунисттер фракциясынын 76 депутаты добуш беришкен. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясынын мүчөсү К.Кадыровго 23-июлда президенттик шайлоодо Балыкчыда баш аламандыкты уюштурган деген айып коюп, кылмыш ишин козгогон. Ал өзү муну бийликтин саясий куугунтугу катары эсептерин билдирген эле. Кадыровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG