Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Армения-Түркия: Эски жараат жакындашууга жолтоо болууда


Бейруттагы армян диаспорасы Армения менен Түркиянын дипломатиялык алакасын калыбына келтирүүгө каршы акция өткөрүүдө
Бейруттагы армян диаспорасы Армения менен Түркиянын дипломатиялык алакасын калыбына келтирүүгө каршы акция өткөрүүдө

Ишемби күнү Армения менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык алака түзүүгө жол ача турган тарыхый бир келишимге кол коюусу күтүлөт. Бирок диаспорада жашаган 5 жарым миллиондой армяндар менен Армениянын өзүндө дагы келишимге каршы болгондордун саны көп.

Армения менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык алака түзүлүүсүнө жана чек аралардын ачылып, Армениянын обочодон чыгышына алып баруусу күтүлгөн тарыхый келишим, президент Серж Саркисяндын АКШдагы армян диаспорасы менен болгон жолугушууларында болгондой, өлкөнүн ичинде дагы катуу сындоолорго туш келүүдө.

Саркисян ушул жумада АКШнын армян диаспорасы калың жашаган Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында армяндардын диаспора уюмдары менен жолугушуп жаткан кезде туш-туш жерлерден келген армяндар нааразылык митингдерин уюштурушту.

Ереванда ондогон армян улутчулдары ТИМдин имаратынын алдында бир канча жумадан бери ачкалык аракетин улантып келе жатышат. Алардын ичинен Нашан Ажемян атындагы 50 жашар армян президент Саркисян эч качан армяндарды Осмон өкмөтү жасаган кылмыштарды эстен чыгарууга көндүрө албайт деген пикирде.

“Саркисян бардыгы туура экенин ишендирүүгө тырышып жатат. Бирок биз түрктөрдү 800 жылдан бери тааныйбыз. Биз алардын ким экенин жакшы билебиз. Тынчтык жакшы нерсе, бирок биз ким менен тынчтык түзгөн жатабыз? Менин ата бабаларымды кырган кылмышкерлер мененби?”- деп анын айткан сөздөрү, эки улуттун ортосундагы тарыхый кусаматчылык, терең ишенимсиздик жана араздашуунун тамырлары канчалык тереңде жатканын даана көрсөтүп олтурат.

Маалым болгондой, армяндар 1- дүйнө согушу учурунда жана андан кийинки жылдарда эки тараптан көп адамдардын кырылуусуна алып келген окуялардын ‘геноцид’ актысы катары таанылуусун талап кылып келүүдө. Осмон империясынын мураскери Түркия жумуруяты муну чечкиндүү четке кагып келет.

Өткөн жылы Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн футбол мелдешин көрүү максатында Ереванга жасаган тарыхый сапары, эки ортодогу мамилелерде жаңыча бир барактын ачылуусуна шарт түздү. Эки тараптын өкүлдөрү Швейцарияда өткөргөн сүйлөшүүлөрүндө, мамилелерди нормалдаштыруунун жол картасы боюнча август айында мунасага келишти. Эки тарап ошондон бери жол картасынын үстүнөн иштешип, ишемби күнү кол коюла турган 2 протоколдун долбоорун иштеп чыгышты.

Алдыбыздагы жуманын ичинде Армениянын президенти Серж Саркисян Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн Ереван саякатына жооп кайтарып, Армения-Түркия футбол беттешүүсүн көрүү максатында Түркияга келүүсү күтүлөт.

Бирок анын сыртында Түркия менен дипломатиялык алака түзүүнүн, Арменияга алып келе турган пайдаларына диаспораны көндүрүү деген чоң түйшүк турат. Батыш өлкөлөрүндө бакубат турмушта жашаган армян диаспорасынын Армениянын обочодо калганы, экономикалык кыйынчылыкты баштан өткөрүп жатканы менен анча иши деле жоктой.

Бул фактынын астын сызып, Еревандагы Улуттук жана эл аралык изилдөөлөр борборунун директору Ричард Гирагосян мындай дейт:
“Диаспора, геноцид дейт, башка бирдеме дебейт.

Алар чек аралардын ачуу жана мамилелерди нормалдаштыруу маселесине Ереван өкмөтүндөй карабайт. Алардын көз карашынча, Түркия менен мамилелерди нормалдаштыруунун үзүрүн Армян өкмөтү менен Армениянын калкы гана көрөт. Диаспора болсо муну кордук, коркунуч катары гана көрөт”.

Иш жүзүндө 1915- жылдагы чоң аламаатан кийин Түркия менен Армениянын ортосундо аздыр-көптүр байланыш үзүлбөй келген. Бирок, СССР ыдырагандан кийин Армениянын эегемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган Анкара, Армияндардын Азербайжандын Тоолу Карабак облусуна басып кирүүсүнөн кийин дипломатиялык байланыштарды үзүп чегараларды жаап салган.

XS
SM
MD
LG