Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Бишкекте велосипедчендердин жүрүшү өттү


Бүгүн Бишкекте “Вело-Бишкек” демилгечилер тобу велосипедчилердин жүрүшүн өткөрүштү. Демилгечилердин айтымында, бүгүнкү күнү шаар көчөлөрү унааларга батпай кетти. Андыктан күн сайын кечке маал негизги көчөлөрдө тыгындар пайда болуп, жол кырсыктары да көбөйүп кеткен. Анын үстүнө бүгүнкү күнү Бишкек шаарында абага чыккан зыяндуу заттардын 80 пайызы унааларга туш келүүдө.

Велосипедчилер мындай жүрүш уюштуруу менен жогоруда айтылган көйгөйлөрдү төмөндөтүү максатын көздөшүүдө. Ага 150 чамалуу велосипедчи катышып, Бишкек боюнча сегиз киллометр жүрүш кылышты. Велосипедчен жүрүшкө шаар мэри Нариман Түлеев баштаган шаардык бийликтин өкүлдөрү да катышышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG