Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Өнүктүрүү фонду Камбар-Ата-2 ГЭСин каржылоонун шарттарын ачыктады


Өнүктүрүү фондунун иликтөөсүнө караганда, Камбар-Ата-2 ГЭСин каржылоодо саясий жана юридикалык тобокелчиликтер бар. Ошондуктан “Электр станциялар” акционердик коому каржылоого байланыштуу ал тобокелчиликтерди жоюуга тийиш. Ал үчүн “Электр станциялар” акционердик коомунун капиталын кошуу менен “Камбар-Ата ГЭС-2” акционердик коомун түзүү, негизделген бизнес-планды түзүү, тариф саясатын аныктоо,ГЭСтин калган агрегаттарын курууну каржылоонун булактарын табуу, Өнүктүрүү фонду сатып алуу үчүн Камбар-Ата-2 ГЭСинин акцияларын кошумча чыгаруу өңдүү жана башка талаптар коюлган.(AiT)

XS
SM
MD
LG