Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Малдив өкмөтү кеңешмесин суу алдында өткөрдү


Инди океанда, аралда жайгашкан мамлекеттин - Малдив жумуриятынын өкмөтү мындай чарасы менен дүйнөлүк (глобалдык) жылуулук алар үчүн туудурган коркунучка эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөдү. Президент Мохамед Нашид баштаган малдивдик министрлердин 3,8 метр тереңдикте өткөн жыйыны жарым саатка созулду. Суу тереңдигине чумкуу үчүн ылайыкталып тигилген костюм кийген министрлер жазууга жарай турган ак тактайлардын жардамы жана жаңсоо аркылуу өз ара пикир алышты.

Окумуштуулардын болжолунда, эгер чара көрүлбөсө, дагы жүз жылдан кийин мухиттин деңгээлинин көтөрүлүүсүнөн улам Малдив республикасынын аймагы жашоого жараксыз болуп калуусу мүмкүн.

Мальдив өкмөтүнүн суу алдындагы бүгүнкү (17-октябрдагы жыйынында дүйнө коомчулугун булганыч газдардын абага бөлүнүүсүн кыскартууга чакырган документ кабыл алынды. Булганыч газдар Жер шарынын кескин жылуусунун жана дүйнөлүк мухиттин деңгээлинин көтөрүлүүсүнүн негизги себептеринин бири катары эсептелинет.

XS
SM
MD
LG