Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Иран державалар менен уран байытууну талкуулоодо


Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад
Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад

Иран учурда дүйнө державалары менен өзүнүн талаштуу уран байытуу программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Венадагы жыйын Тегеран «жылыш болду» деген Женевадагы биринчи айлампадан кийин өтүүдө. Бүгүн тараптар Ирандын уранын чет өлкөгө байытууга жиберүүнү талкуулап жатышат.

Иран бүгүн АКШ, Орусия, Франция жана Бириккен Улуттардын Атомдук энергетика агенттиги - МАГАТЭ менен диалогун улантууда. Максат – Тегерандын өзөктүк программасы ядролук курал жасоону эмес, тынчтык максатты көздөй тургандыгын далилдөө болуп саналат. Женевада 1-октябрдагы түз жолугушууда дүйнө державалары Иран уранын башка өлкөдө байытсын деген сунуш киргизишкен. Дагы бир топ талкууга алынган ал план бүгүн биротоло такталат деп күтүлүүдө.

Батыш өлкөлөрүнүн ишениминде, эгер уран чет өлкөдө байытылса, Ирандын ядролук программасы тууралуу маалымат көбүрөөк болуп, өлкөнүн уран байытуу дареметин күч алдыруу далалаты басаңдатмак.

Сунушта ирандык ооруканаларды радиоактивдүү материал менен камсыз кыла турган илимий реактордо колдонуу үчүн белгилүү көлөмдөгү уранды 20 пайызга чейин байытуу каралган. Мындай уран ядролук бомба жасоого жарабай тургандай түрдө иштетилмекчи. Ядролук бомба үчүн уран 90 пайызга чукул байытылышы керек. Иран азыр андай деңгээлге жете элек.

Ирандын Атомдук Энергетика уюмунун маалымат катчысы Али Ширзадиян дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпаса, Иран уранды беш пайыздык деңгээлде байытууну улантып, өз реакторлору үчүн 20 пайыздык көрсөткүчкө жетүү жаатында иш баштарын эскерткен. Шизадиянга ылайык, уранды 20 пайыздык чекте байытуу Иран үчүн экономикалык жактан пайдалуу эмес, бирок өлкө эч качан уран байытуу укугунан баш тартпайт.

Кечээ, жекшембиде Тегеран бийликтери Британия менен АКШны өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жанкечтинин жардыруусу үчүн күнөөлөгөн эле. Анда аз дегенде 42 киши, анын ичинде Ирандын элиттик Төңкөрүшчүл гвардиясынын улук кол башчылары набыт болгон эле.

Президент Махмуд Ахмединежад чабуулдун уюштуруучуларына Пакистан өз аймагынан орун берди деп ырастады:

– Биз Пакистандын өкмөтүнөн бул террордук чабуулдун башкы элементтерин кармоону кечеңдетпөөнү сурайбыз. Бизге ошондой эле Пакистанда кээ бир коопсуздук агенттери бул террордук окуянын айрым элементтери менен кызматташып жаткандыгы тууралуу маалымат бар. Биз бул кылмышкерлерди кармап берүүнү талап кылууга укуктуубуз.


Төңкөрүшчүл гвардиянын жетекчиси генерал-майор Мохаммад Али Жафари да Пакистандан чабуулду уюштурду деп айыпталып жаткан жергиликтүү суни тобунун башчысын кармап берүүнү талап кылды. Бул айыптоолор бүгүнкү сүйлөшүүдө аз эле дегенде жалпы маанайга көлөкө түшүрөөрү шексиз.

XS
SM
MD
LG