Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Карзайдын "жеңиши" желге учту


Шайлоонун экинчи айлампасына макул болгонун Хамид Карзай АКШ сенатору Жон Керри (солдо) менен өткөргөн Кабулдагы маалымат жыйынында ырастады.
Шайлоонун экинчи айлампасына макул болгонун Хамид Карзай АКШ сенатору Жон Керри (солдо) менен өткөргөн Кабулдагы маалымат жыйынында ырастады.

Ооганстанда 7-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Хамид Карзай улуттук комисссиянын бул чечимин "мыйзамдуу" деп атады.

Шайлоонун экинчи айлампасына макул болгонун Карзай өзү Кабулдагы маалымат жыйынында ырастады.

"Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын чечимин кубаттайбыз. Муну мыйзамдуу, туура жана конституцияга ылайык чечим деп эсептейбиз. Биздин көз карашыбызда, бул өлкөнүн улуттук кызыкчыларына төп келет жана демократиялаштыруу процессин чыңдайт", - деп айтты Карзай.

Карзай ошондой эле добуш берүүнүн экинчи айлампасына шайлоочулардын активдүү катышарына үмүт кылат.

Өткөн айдын ортосунда улуттук шайлооком Карзай добуштардын дээрлик - 55, анын негизги атаандашы, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Абдулло Абдулло - 28 процентин алганын жарыялаган эле.

Шайлоо маалындагы бурмалоолорду териштирүү милдети табышталган эл аралык эксперттер комиссиясы эки жүздөн ашуун участкалардагы добуштарды кайра санап чыккан соң Карзайдын көрсөткүчү 50 процентке жетпей калды. Мындай шартта мыйзам шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүнү талап кылат.

Карзай буга карышып каршы чыгып келген эле. Улуттар Уюму менен АКШнын арачылыгы астында узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң акыры макул болду.

"Белгилеп кетким келет: президент Карзайдын шайлоонун экинчи айлампасын өткөргөнгө макул болгону өлкөдөгү бийликтин легитимдүүлүгүн чыңдайт. Доктор Абдулло да ушундай чечим кабыл алды. Эки саясатчы тең демократиялык бекем система түзүүнү жактай тургандыгын көрсөтүштү",-деп айтты Кабулдагы жыйында америкалык сенатор Жон Керри.

Улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Азизулла Лудин "өлкөдөгү азыркы кырдаалды эске алганда Батыш жана америкалыктар талап кылып жаткандай ачык жана айкын шайлоо өткөрүү кыйын болорун" моюнга алды. Августтагы шайлоо күнү өлкөнүн көп жерлеринде куралдуу кагылыштар чыкканын эске салып,Лудин: "Уруш уланып жаткан ушундай учурда добуш берүүдө эрежелер кынтыксыз сакталышын, процесс ачык болушун кантип көзөмөлдөй алабыз?"- деп колун жайды.

Өкмөттөгү айрым булактар даттануу комиссиясынын массалык будамайларга "так жана тана алгыс далилдерди" тапканы тууралуу билдирүүсү Карзайдын жаалын кайнатты дешет. Айтымда ал "батыш өлкөлөрү, айрыкча АКШ менен Британия жең ичинен келишип алып, анын жеңишин уурдап алышканына айныбай ишенет" экен.

Деген менен кыстаган кырдаал Карзайды өктөөсүн ичине катып, Батыш коалициясынын сунушуна көнгөнгө аргасыз кылды. Өлкөдө талиптер күчүн жыйнап, күр боло баштады. Карзайды алар какшыктап "Кабулдун каланы" (мэри), анын амири андан башка жерге өтпөйт, эгер НАТОнун күчтөрү болбогондо бийликте бир күн да тура алмак эмес дешет.

XS
SM
MD
LG