Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Гаага: Каражичтин соту кайра токтоп калды


Голландиядагы Каражичти соттоп жаткан трибыналды босниялык аялдар пикеттешти, 26-октябр, 2009-жыл
Голландиядагы Каражичти соттоп жаткан трибыналды босниялык аялдар пикеттешти, 26-октябр, 2009-жыл

Босниялык сербдердин согуш маалындагы аскер башчысы Радован Каражичтин үстүнөн геноцид боюнча сот иши ал келбей калып, токтоп калды.

Бириккен улуттардын соттору Радован Каражичтин үстүнөн тукум курут кылуу жана согуш кылмыштары жаатындагы айыптоолор боюнча сот ишин ачылаары менен токтотууга мажбур болушту. Сот О-Гон Куон прокурорлорго 27-октябрда түштөн кийинкиге чейин күтүүгө тийиш болоорун мындайча билдирди:

– Айыпталган Каражич келген жок. Ал өзүнө өзү адвокат болууну чечкен, демек, анын атынан сүйлөй турган расмий өкүл да жок.

Kaражич өткөн аптада өзүн коргоого даярданып бүткөнгө чейин, сотко катыша албай тургандыгын билдирген. Андан мурдагы катында ал мындай даярдыкка келерки жылдын июн айына чейин мөөнөт берүүнү сураган.

64 жаштагы Каражич мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы Эл аралык Кылмыш трибуналындагы эң улук даражалуу босниялык серб болуп саналат. Ал 13 жыл жашырынып жүрүп, былтыр июлда автобуста баратканда кармалган. Эгер ал өзүнө коюлган айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылса, өмүрүнүн аягына чейинге эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ага коюлган айыптардын тизмесинде 1995-жылы Сребреницада 8 миң мусулмандын кырылып өлтүрүлүшү жана босниялык сербдердин мусулмандар менен хорваттарга каршы тукум курут кылуу операциялары боюнча эки геноцид айыптоосу бар. Андан тышкары кырып өлтүрүү, куугунтуктоо, БУУнун тынчтык аскерлерин барымтага алуу өңдөнгөн дагы тогуз айып коюлууда.

БУУнун трибуналы мурдагы югослав президенти Слободан Милошевичти төрт жыл соттоп, сот бүтө электе ал кайтыш болуп калган. Азыр эми Каражич да сот ишин атайылап, создуктуруп жаткандыгы шектелүүдө. Бул тууралуу сөзүндө трибуналдын прокурору Хилдегард Уертс Ретслафф Каражич сотту бойкоттой берсе, ага адвокат жалдоону сунуш этти:

– Айыпталган кишинин келбей калышы сотту улантууга тоскоол боло берет. Анын буга чейинки сөздөрүн, жазган каттарын эске алганда, сот иши сегиз айга чейин кечеңдеши мүмкүн, анткени мындан эки ай мурда ал 10 ай керек деп жаткан. Мындай кечеңдөөнү болтурбоонун бир гана жолу - адвокат дайындоо болмокчу.

Айрым адистердин айтымында, эгер Каражич сотту бойкоттоону уланта турган болсо, прокурордун ачылыш сөзүнүн тексти ага түрмөдө тапшырылышы мүмкүн. Бирок ал күбөлөр сурак берип, конкреттүү фактылар талкууга алынганда да келбесе, же ага адвокат да бекитилбесе, сот иши дагы кечеңдей берет.

XS
SM
MD
LG