Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Legatum: жыргал кайда, куурал кайда?


Казакстандын көрсөткүчтөрүн The Legatum уюму ушундайча аныктаган.
Казакстандын көрсөткүчтөрүн The Legatum уюму ушундайча аныктаган.

Британиядагы Legatum Prosperity Index уюму быйылкы жылдагы жыргалчылык көрсөткүчтөрүн жарыялады. Изилдөөгө дүйнөдөгү 104 өлкө тартылган. Аларда жер шарындагы калктын дээрлик 90 проценти жашайт.

Legatum - көз карандысыз изилдөө институту, ал үч жылдан бери байлык, бактылуу турмуш, телегейи тегиз коом деген эмне, аларды кандай чен-өлчөмдөр менен баалап, кантип аныктаса болот – ушул темалардын тегерегинде изилдөө жүргүзөт. Бул үчүн бир катар факторлор: экономикалык өнүгүү, калктын тиричилик деңгээли, демократиялык эркиндик, билим берүү, саламаттык сактоо, коопсуздук, социалдык капитал, башкаруу усулу өңдүү тогуздай көрсөткүч эске алынат.

Жыргал жер дегенде адатта адамдар жайдыр-кыштыр пальмалар көгөрүп, кумдуу жээгин деңиз чайкап турган күнөстүү аймакты элестетишет. Бирок жыргал жер түштүктө эмес, түндүктө, ал - Финляндия деп көрсөтүшөт изилдөөгө катышкан илимпоздор.

Финляндияны алар бу жолку докладга кирген өлкөлөрдүн топ башына коюшкан. Эң ооматтуу делинген он өлкөдөн алтоо жалаң европалыктар: Швейцария, Швеция, Дания, Норвегия, Нидерландия. Алардын тобуна Австралия (6-орун), Канада (7), АКШ (9) жана Жаңы Зеландия кошулган. Ал эми Германия, Британия, жана Франция экинчи "ондукка" киришкен.

Уюмдун окумуштуулары дагы бир кызыктуу фактыга көңүл бурушкан. Алардын айтымында, жакыр-бакыр өлкөлөрдө эреже катары бактылуу жашоону жалаң акча менен баалап, ошого байланыштырышат экен. Ал эми кедейликтен саал жогору көтөрүлүп чыккан өлкөлөрдө өзүн бактылуу эсептеш үчүн адамдарга киреше анчейин деле маанисиз боло баштайт деп ырасташат институттун илимпоздору.

Ирландияда, мисалы, мындан бир муун мурда эле жергиликтүү тургундар өздөрүн экономикалык кырсык зонасында жашагандай эсептешчү. Эми болсо Ирландия жыргалчылык деген түшүнүккө кирген көрсөткүчтөрү боюнча 11-орунга чыкты. Бир муун аралыгында кескин секирик жасаган ушундай өлкөлөр арасында Сингапур, Тайван, Түштүк Корея аталат. Европалык өлкөлөрдөн Хорватия, Чехия, Венгрия, Словакия, Эстония жана башкалар да жыргалчылык көрсөтүчтөрү жагынан жыл сайын жогорулап баратышат.

Докладда Иран 95-орунга жайгаштырылган. Авторлор бул өлкө көптөгөн көрсөткүчтөрү, алардын ичинде экономикалык негиздери, демократиялык институттары, коргонуу жана коопсуздук чөйрөсү жагынан, мамлекеттик башкаруу, жекече эркиндик жана социалдык ишеним маселелеринде азырынча өз элине бактылуу деп эсептегенге жетерлик жүйөө түзө албай жатканын белгилешкен.

Өзбекстан Ирандан саал алдыда, 92-орунда аталат. Бу жерде да билим берүү, ишкердик, демократия,башкаруу, жеке эркиндик жана башка чөйрөлөрдө көп өксүктөр бар. Казакстан болсо ишкерлик жана инновация,экономикалык негиздери жагынан дурус көрсөткүчтөргө жетишсе да калган чөйрөлөрдөгү мүчүлүштүктөрү менен жалпысынан ортосаар баага (76) арзыган.

КМШ өлкөлөрүнөн бир топ жогорку орун (61) Украинага тийген, андан соң Россия (69), Молдова (78) жана Белоруссия (85) аталган. Ортодон жогору саналгандар арасында КМШлыктардан эч ким жок. Докладга Кыргызстан кирген эмес.

Жадыбалдагы эң соңку он орунду ээлегендерди изилдөөнүн авторлору дүйнөдөгү эң кууралдуу коом деп аташкан. Алардын акыркы сабында Зимбабве, анын алдында Судан, Йемен, Борбордук Африка республикасы, Камерун, Пакистан жана башкалар турат.

XS
SM
MD
LG