Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Кыргызстан: 20 жылда мөңгүлөр 30% кыскарган


“Кыргызстандагы мөңгүлөр Орто Азиядагы нымдуулуктун, ден соолуктун, электр кубаттуулуктун жана саясий туруктуулуктун башаты” деген теманын алкагында форум өттү. Анда мөңгүлөрдүн эриши, анын экологиялык кесепеттери жана чечүү жолдору тууралуу сөз козголду.

Анвар Боронбаев Коомдук экологиялык “Мөңгү” фондунун жаштар канатынын мүчөсү. Аны өлкөнүн келечеги, экономикасы жана экологиялык коопсуздугу түйшөлтүп келет.

- Кыргызстанда мөңгүлөрдүн абалы өтө начар. Карга же мөңгүгө чаң тийсе, ал эртерек эрип баштайт. Бүгүнкү глобалдык жылуулуктун таасиринде, акыркы 10 жыл ичинде 1163 мөңгү эрип кеткен. Биз келечегибизди ойлоп, кайдыгер карабай, мындай экологиялык көрүнүшкө каршы турушубуз зарыл.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 8100 чарчы метрге барабар. Бирок бул аянттын көлөмү жылдан-жылга азайып келет.

Коңшу мамлекеттер миңдеген гектар жерлерди иштетип, сууну эл аралык нормага ылайык колдонбогондуктан Арал деңизине суу жетпей келет. Андыктан деңиз жээгинен туз ирээтинде көтөрүлгөн чаңдар мөңгүлөргө таасир этүүдө.

Экинчиден, кийинки учурларда токойлордун кыйылып жатканы да муздардын эришине алып келүүдө. Себеби бир гектар токой жыл ичинде 50 тонна чаңды иштетип чыгат. Ал эми жутулбаган чаңдар бийиктикке чыгып, шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө.

Үйлөрдөн, унаалардан чыккан түтүндөр, ошондой эле тоо-кен иштери да тоо чокуларындагы карларды зыянга учуратууда. Мындай экологиялык кесепеттерден улам акыркы 35 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн көлөмү 30 % кыскарып кеткен.

28-октябрда “Кыргызстандагы мөңгүлөр Орто Азиядагы нымдуулуктун, ден соолуктун, электр кубаттуулуктун жана саясий туруктуулуктун башаты” деген теманын алкагында өткөн жыйында мындан аркы кадамдар талкууланып, келечекте эки долбоор боюнча иш алып баруу маселеси каралды.

- Биринчиси, бизде жоголуп кеткен экспедициядагы альпинисттердин денелерин мөңгүлөрдөн алып түшүп, жерге берүү менен “Эл достугу” аттуу эл аралык бейит түзүү. Экинчиден, бизде беш миңден ашуун чокулар бар. Ошолордун ичинен аты жок мөңгү чокуларына дүйнөлүк диндерди негиздеген пайгамбарлардын жана дүйнөдөгү эң көрүнүктүү адамдардын атын берүү менен Кыргызстанда мөңгүлөрдүн эл аралык тынчтык аллеясын түзүү. Ошону менен бирге Кыргызстанга “тынчтык аймагы” деп, Борбордук Азияга согуштук аракеттери жок аймак деген статус берүү суранычы менен дүйнө элдерине кайрылып жатабыз, - дейт Коомдук экологиялык мөнүлөрдү сактоо “Мөнгү” фондунун башчысы Үрүстөм Кабылбеков.

Азыркы маалда дүйнөдө 1 миллиард адам иче турган сууга кириптер. Орто Азия чөлкөмүнөн Өзбекстан 94 %, Түркмөнстан 98 % коңшу өлкөлөрдөн агып кирген сууну колдонот. Бул аймакта бир гана Кыргызстан таза суу менен өзүн-өзү камсыздап, ошол эле маалда Тажикстандын Согду облусуна да мөңгүнүн суусу агып кирет.

Адам өмүрү сууга байлаштуу. Ошондуктан мөңгүлөргө аяр мамиле зарыл. Экологиялык кесепеттерден улам Кара-Баткак мөңгүсү он жылдын ичинде 12 метрге жукарып кеткен. Бул багытта коңшу мамлекеттер менен иш жүргүзсөк болоор эле дейт жаштардын өкүлү Айнура Токтосунова:

- Биздин өлкөдөгү мөңгүлөрдүн чоң запасын сактап калууга бардык мамлекеттер кызыкдар болушу керек. Себеби алардын экологиялык маселелерине, экономикасына да биздин суубуздун таасири өтө чоң. Мөңгүлөрдүн эрип жатканын алар да түшүнүп, бизге ар тараптуу жардам көрсөтүшү керек.

XS
SM
MD
LG