Ооганстанда 7-ноябрда өтө турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады.
Буга себеп катары ал шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн койгон талаптары бийлик тарабынан аткарылбаганын келтирди. Мурдагы Тышкы иштер министри Абдулла азыркы президент Хамид Карзай менен президенттик кызмат үчүн 7-ноябрда шайлоонун экинчи айлампасында беттешмек. Шайлоону өткөрүү боюнча эки саясатчынын сүйлөшүүлөрүндө Абдулла Карзайдан Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисин, айрым губернаторлорду жана өкмөттөгү кээ бир министрлерди кызматтан алууну талап кыллган. Анткени алар шайлоодо Карзай үчүн иштеп беришет деп айыптаган.
Абдулла бүгүнкү билдирүүсүндө “Шайлоого катышпоо боюнча чечим кабыл алуу ал үчүн оңой болбогонун” айтты. Бирок 7-ноябрда шайлоонун ачык, акыйкат өтүшүнө ишеним калбаганда ушундай кадамга барганга мажбур болгонун кошумчалады.
Ооганстанда президенттик шайлоо быйыл 20-августта өткөн. Анын алдын ала жыйынтыктары боюнча президент Хамид Карзай экинчи мөөнөткө шайланганы жарыя кылынган. Бирок Бириккен улуттар уюмунун жетекчилигиндеги комиссия добуштардын массалык түрдө бурмаланганын аныктагандан кийин, анын экинчи айлампасын өткөрө турган болушкан эле.