Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Орус өкмөт башчысы “Женерал Моторстун” чечимин сынга алды


АКШнын автомобиль жасоочу ири ишканасы апта башында өзүнө караштуу “Опелдин” Европадагы бөлүмүн Канаданын “Магна” компаниясы менен Орусиянын “Сбербанкына” сатуу планынан айныганын жарыялаган эле. Орусия менен Германия ага нааразы мамилесин билдиришти. Орус өкмөт башчысы Владимир Путин “Женерал Моторстун” бул чечимин америкалык бизнес чөйрөнүн европалык өнөктөштөрү менен иш кылууда “тоотпогон” мамилесин көргөзүүсү катары баалады. Ал эми немец канцлери Ангела Меркел бүгүн “Опель” боюнча жаңы стратегияны сөз кылуу максатында АКШ президенти Барак Обамага телефон чалды. “Женерал Моторс” болсо “Опелди” сатууну токтотуу чечиминин артынан компанияда 10 миң жумушчу орунду кыскартарын ырастады.

XS
SM
MD
LG