Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Кыргызстан ЕККУ сунуштары боюнча талкуу өткөрүшү мүмкүн


Мындай пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Президенттин алдындагы Стратегиялык талдоо жана баалоо институтунун директору Сергей Масаулов билдирди. Анын айтымында Кыргызстан ЕККУ сунуштарына олуттуу мамиле жасайт жана эл аралык коомчулуктун кеңири катышуусунда диалог өткөрүүгө даяр. Масаулов ошондой эле Кыргызстан ЕККУнун мүчөсү катары улуттук кызыкчылыкка төп келген бардык сунуштарды кабыл аларын, ошол эле мезгилде ар кандай таңуулоолорду жактабай тургандыгын белгиледи. Талдоочу ЕККУнун сунуштарын үстүрт сунуш деп баалады.

ЕККУнун байкоочулар миссиясы 23-июлдагы президенттик шайлоо жыйынтыгы боюнча акыркы отчетун жарыялап, анда Кыргыз бийлигине шайлоонун ачык-айкындыгын камсыздоочу сунуштарын жолдогон. Байкоочулар миссиясы алгачкы отчетунда Кыргызстандагы президенттик шайлоо ЕККУ стандарттарына төп өткөн жок деген баасын берген. Кийинчерээк БШК бул миссияны компетентсиз деп сындаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG