Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Азербайжан эки блоггерди түрмөгө салды


Блоггерлерди түрмөгө кескен соттун алдына эл көп чогулду.
Блоггерлерди түрмөгө кескен соттун алдына эл көп чогулду.

Азербайжанда эки жаш блоггер түрмөгө кесилди. Бул окуя расмий Баку медиянын жаңы түрүнүн кубаты артуусунан чоочуганын көргөзүүдө.

Азери сотунун шаршембидеги чечимине ылайык, эки жылга кесилген Аднан Хажизада 26, эки жарым жылга эркинен ажыратылган Эмин Милли 30 жашта. Прокурор соттон аларды үч жана үч жарым жылга кесүүнү өтүнгөн болчу. Бул окуя Түштүк Кавказдын мунайга бай өлкөсүндө сөз эркиндиги тарып бара жатканына эл аралык коомчулуктун көңүлүн дагы бир ирээт бурду.

Блоггерлердин биринин адвокаты Элтон Гулиев “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун азери кызматынын кабарчысы менен маегинде өкүмдү соттун калпыстыгы катары мүнөздөө менен зарыл болсо Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин кайрыларын эскертти:

- Аларды эмне үчүн абакка салышты? Түрмөдө отургузуу талап кылынганынын жүйөөсү эмнеде? Мунун бир гана жообу бар. Бул укук талаасындагы кадимки иш эмес, саясий иш болду. Сот дагы саясий мүнөздө өттү. Бүгүнтөн тартып, биз бул эки жаш жигитти саясий айыпкер деп атай алабыз. Алар саясий жүйөөдөн улам гана камакка алынышкан.

Блоггерлер быйыл июль айында Бакудагы ресторандардын биринде орун алган мушташка байланыштуу хулиганчылыкка барган деп айыпталышты. Бирок Хажизада менен Миллинин айтымында, ресторанда озунуп кол салгандардын өздөрү алар өкмөттү сындаганынан өч алуу үчүн саясий провакация жасашкан. Ресторандагы кол салуу фактысы жана анын артынан камалар алдында блоггерлер Интернеттеги блогуна эшек менен өткөрүлгөн пресс-конференцияны чагылдырган сатиралык видеону жайгаштырышкан эле. Анда өкмөттөгү коррупция мыскылга алынган болчу.
Эмин Милли менен Аднан Хажизаданы боштондукка чыгарууну талап кылган акция август айында Вашингтондо да өткөн


Аналитиктердин пикиринде, Азербайжанда келерки жылы парламенттик шайлоо өтөрүн эске алганда, президент Ильхам Алиевдин авторитардык өкмөтү жергиликтүү жаштар арасында популярдуу болуп бара жаткан блогдор менен ой-пикир алышуучу сайттардын жайылышынан чоочууда.

Бакулук саясат талдоочу Илгар Маммадовдын пикиринде, азери бийликтери маалымат таратуунун бул жаңы түрү оппозициянын кубаттуу ресурсуна айланып кетет деп коркот:

- Бул өкүм жаш актвисттерге, активисттерге гана эмес, саясатка же социалдык түйүндөргө аралашууну ойлонуп жаткан жаштар үчүн эскертүү. Мындайга барсаңар, жазаланасыңар деген ойду алар ачык эле каңкуулап жатышат.

Шаршемби күнү Бакуда өкүм угузулганда, сот имараты жанында азери жаштарынын тобу блоггерлердин аттарын айтуу менен “Ильхам ( президент Ильхам Алиев) жаштардан колуңду тарт”,- деп кыйкырып турушту.

Ал эми “Азербайжан” гезитинин баш редактору Бехтияр Садыков өңдүү өкмөтчүл маалымат каражаттарынын өкүлдөрү сот өкүмүн колдошууда:

- Тергөөчүлөр кылмыш ишин сотко өткөрүштү, күбөлөр суралды. Бул жаш жигиттерди коргоо үчүн адвокаттары болду. Мына ушундай шарттарда мен чечимди адилетсиз деп айта албайм. Чечим адилет экенинде эч күмөнүм жок. Кандай кайрылуу болсо да сот ушундай эле тыянак чыгарат деп үмүттөнөм.

Бирок өкүмдү сынга алгандар азери соту ишти адилет караганынан күмөн санашууда. Маселен ресторандагы мушташтын негизги күбөлөрүнүн бири арызында полиция эмнелерди айтса ошону жазганын маалымдаган. АКШнын Бакудагы элчилиги сот өкүмүнө тынчыздануусун билдирди. Элчиликтин өкүлү Терри Дэвидсондун айтымында, Мамлекеттик депратамент блоггерлердин иши боюнча расмий билдирүү жасайт:

- Биз окуяга жакындан байкоо салдык. Өз пикирин ачык билдирүү жана сөз эркиндигин ишке ашыруу менен алектенген Аднан, Эминдики сыяктуу иштерге биз терең тынчызданабыз.

Эки блоггерге козгологон кылмыш ишин, Европа Кеңеши, ЕККУ өңдүү эл аралык уюмдар, Батыш өкмөттөрү да сынга алган. Бирок Бакудагы бейөкмөт уюмдардын биринин активисти Эркин Кадирли азери блоггерлеринин соттолушуна бир чети эл аралык коомчулук да жоопкер деп эсептейт:
Эркин Кадирли


- Европа Кеңеши, ЕККУ өңдүү эл аралык мекемелер, Улуттар уюму да иш жүзүндө ушул кырдаалга салым кошту. Себеби алар Ильхам Алиевди реформатор катары сыпаттап, Азербайжанды экономикалык реформанын көч башында турган өлкө катары мактап келишүүдө.

Чынында эле Батыш өкмөттөрүнүн Ильхам Алиевге жылуу-жумшак мамиле жасоосунун жүйөөсү көбүнесе Азербайжандын энергия байлыктарына, өлкөнүн Набукко газ кууру сыяктуу долбоорду ишке ашыруудагы ролуна байланыштуу. Набукко - Каспийдин көгүлтүр отун Европага Орусиянын аймагына кирбестен алып келүүнү караган долбоор.

Көз карандысыз маалымат каражаттарына жашоо бербегени үчүн расмий Баку бир нече жылдан бери эле кескин сынга алынып келет. Журналисттерди коргоо комитети Азербайжанды Европа менен Евразиянын калемгерлерди эң көп камаган өлкөсү деп атаган. 2007-2008-жылдардын аралыгында жалпысынан он журналист түрмөгө салынды. Алардын бири Норузали Мамедов быйыл августта абактан шектүү жагдайда көз жумду. Учурда түрмөдө үч журналист отурат.

Бирок азери өкмөтүнүн репрессиячыл аракеттерине карабай, Илгар Маммадов сыяктуу талдоочулардын пикиринде, бийликтин “Facebook”, “Twitter” өңдүү сайттардын, блогдордун жана жаш активисттердин баарын көзөмөлдөшү кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG