Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Пакистандагы жардыруудан 16 киши ажал тапты


Пакистандын Пешавар шаарында чалгындоо башкармалыгы алдында болгон жардыруу кеминде 16 кишинин өмүрүн алды. Дагы 90дой киши жарадар.

Пешавардагы жардыруу чалгындоо башкармалыгы жайгашкан 3 кабат имараттын далай бөлүгүн кыйроого учуратты, анын алдында токтотулган бир нече машине өрттөндү. Жергиликтүү полициянын айтымында, жардыруудан каза тапкандардын көбү катардагы тургундар болгон.

Жарадар болгон аскерлердин бири айлана-тегеректи заматта канга боегон бомба медициналык дары-дармек ташыган машинеден жарылганын айтат. “Жолдун тескери жагынан айдаган ал машине күтүүсүздөн пайда болуп, так чалгындоо кызматынын имаратын көздөй бет алды, аны көздөй бир нече ок атылды, бирок токтотууга үлгүрө алышкан жок”, - деп айтып берген окуя тууралуу Насир аттуу бул жигит.

Бүгүн Пакистандын Түндүк Вазиристан чөлкөмүндөгү Банну районунда да полиция бөлүмүнө чукул жерде жардыруу болуп, ал жерде 7 киши мерт болду. Жанкечти айдаган машине жергиликтүү полиция имаратына кирип бара жаздаган.

Бул күнкү эки жердеги жардыруудан ондогон адамдар жарадар болушту. Исламабаддык саясий серепчи Захид Хусейн Пакистанда кол салуунун партизандык түрү күчөп баратканын айтат.

- Пакистанда кол салуунун мындай түрү жок эле, партизандык кол салуулар биз үчүн жаңы көрүнүш. Коопсуздук кызматтары аларга каршы туура тактика тапканча дагы убакыт өтөт ко. Мындай чабуулдарды жалаң талиптер эмес, Пакистанда жашырынып иш жүргүзгөн бардык согушкер топтору колдоп аткандай. Мындай чагымчыл иштерди Пакистан армиясынын бир чөлкөмдү камтыган аскердик операциялары ооздуктай албайт.

Пешавардын ар кайсы жеринде соңку бир нече жума ичинде бир катар кол салуулар болуп өттү. Пакистан армиясы Түштүк Вазиристанда талиптерге каршы кеңири согуштук операциялар баштагандан бери калк жыш жайгашкан аймактарда улам бир жерде карапайым элди бутага алган чабуулдар болуп, бөөдө кан төгүлүп келатат.

Эки жума мурдараак Пешавардагы эл кайнаган базарда бомба жарылып, 100дөн ашуун кишинин өмүрү жайран болду. Октябрь айынан бери өлкөнүн ар башка аймактарында болгон кандуу чабуулдардан 400дөй адам өмүрүнөн ажырады. Эксперттер бул кол салууларга каршы күрөшүүнүн жаңы тактикасына өтүүгө үндөп жатканы менен, Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гелани шаршембиде өкмөт Вазиристандагы аскердик операцияларды аягына чыгарып, терроризмди тамыры менен жок кылууга чечкиндүү киришкенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG