Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

Анкара - Тегеран алакасына Батыштын ичи тарып жатабы?


Кийинки мезгилде Анкара менен Тегерандын мамилелери жакшыра баштаганы Батышта айрым чөйрөлөрдүн кабагынын бүркөлүүсүнө себеп болууда. Анкара-Тегеран жакындашуу жараяны тууралуу саясий байкоочулардын пикири да ар кандай.

Өзөктүк программасы тууралуу батыштын кысымдарына моюн бербей келе жаткан Иран жана тегерегиндеги кошуналары менен ‘нөл проблема’ саясатын жүргүзүп келе жаткан Түркиянын ортосунда кийинки учурда мамилелердин жумшарышы Батышта ар кандай маанайдагы түкшүмөл ойлорду пайда кылууда.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын кайта-кайта Ирандын өзөктүк программасын тынчтык максатты көздөгөн программа катары баалап, жакын арада Ирандын президенти Ахмединежадты ‘жакын дос’ деп атоосу батыш өлкөлөрүндө тынчсыздануу сезимин туудурду.

Анкара өкмөтү негизинде Жакынкы чыгыш аймагынын өзөктүк куралдардан тазаланган аймакка айландырылуусу тууралуу чакырык жасап, тынчтык максаттарда колдонулуучу өзөктүк энергетикага ээ болуш ар бир өлкөнүн укугу экенин билдирип келүүдө. Эрдоган өткөндө БУУнун Башкы Ассамблеясында жасаган баяндамасында Анкаранын бул пикирин дагы бир жолу кайталаган:

“Биз массалык кыргын салуучу куралдардын ушул заманда эч бир өлкөгө кошумча коопсуздук кепилдигин алып келерине ишенбейбиз. Тескерисинче, бул куралдар аймактык коопсуздукка жана туруктуулукка тоскоол болууда. Ошондуктан биз, өзгөчө Жакынкы Чыгыш аймагын кошуп алганда, массалык куралдардан тазартылган зоналарды жаратуу максатын көздөгөн бардык олуттуу кадамдарга чоң маани артып, колдоо көрсөтөбүз”.

Айрым серепчилер, Ирандын өзөктүк программасынын маңызы жөнүндөгү Батышта шектенүү сезимдери улам күчөп аткан учурда жана коюлган шарттарга макул болбогон Иранга каршы эмбарго салуу тууралуу көрүлүп жаткан даярдыктардын тушунда, Анкаранын Тегеранга колдоо көрсөтүшү анын батыштык шериктештерине анча жакпаганын белгилешип, Түркиянын Евробиримдиктин мүдөөсүнөн көңүлү сууп, жүзүн Чыгышка бура баштаганы жөнүндө ой-пикир билдиришүүдө.

Экинчи жагынан алып караганда, Иран-Түркия жакындашуусун табигый көрүнүш катары кабыл алган саясатчылар да жок эмес. Маселен, шейшемби күнү Түркияга саякатка келген АКШнын мамдепартаментинин мурдагы кызматчыларынан Ричард Армитаж (Richаrd Armitage) Түркия бир эле учурда Иран менен да, АКШ менен да дос боло алат деген пикирин айтты.

Менин оюмда Түркия Батышка артын салып жаткан жок. Түркия Батышка бекем жалгашкан бир өлкө. Ал бир эле учурда Иран менен да, АКШ менен да дос боло алат. Биздин максатыбыз - Иранды улуттар аралык коомчулукка интеграциялаш. Дипломатия акыр соңунда ишке жарайт деген ойдомун,” - деп билдирди Армитаж мырза Анкарага келери менен айткан сөзүндө.

Иш жүзүндө бир тарапта 400 жылдан бери тынчтыкта жанаша жашап келген кошунасы Иран, экинчи тарапта өзөктүк программасынан улам Тегеран менен келише албай жаткан Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда Түркия арасат абалда калган сыяктуу.

Hürriyet гезитине макала жазган Измир Экономика Университетинин профессору Балкан Девлендин пикиринде, Түркия менен Ирандын ортосунда 4 кылымдан бери салыштырмалуу күч тең салмакта болуп келген. Бирок бир күнү Иран чынында деле өзөктүк куралга ээ болуп калса, анда бул тең салмак бат эле оодарылып калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG