Балыкчы окуясына байланышкан кечээги соттук отурумда соттолуучулар бул сот жараянын мыйзамсыз деп белгилешти. Адвокат Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, соттук жараяндын башталышында ал судья Болот Дүйшөмбиевге ишеним көрсөтпөө боюнча апелляциялык арызды Жогорку Сот караганга чейин сот жараянын өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, эгерде сот болсо ал кайсы мыйзам негизинде уланарын тактап берүүнү өтүндү. Мына ошондон кийин судья Болот Дүйшөмбиев танапис жарыялап, андан кийин жооп берилерин билдирди. Соттук териштирүү бүгүн дагы улантылат. (AJ)