Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Израил конуш курууну убактылуу токтотту


Израилдин өкмөт башчысы убактылуу мораторийи абалды жакшыртат деп үмүттөнөт
Израилдин өкмөт башчысы убактылуу мораторийи абалды жакшыртат деп үмүттөнөт

Израил Иордан дарыясынын батыш жээгине жөөттөрдү отурукташтырууга 10 айлык мораторий жарыялады. Вашингтон жаңылыкты жылуу кабыл алды, бирок палестиндиктер жөөт конуштарын тургузуу иши толук токтотулмайын, сүйлөшүү болбой турганын билдиришти.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Палестина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу максатында ушундай кадамга барганын айтты. Бул тууралуу ал шаршембиде жалпы улуттук сыналгы каналынан чыгып сүйлөгөндө айтты. Идеяны анын коопсуздук кабинети колдогон.

Бирок өз өкмөтүнүн колдоосун алуу да Нетаньяху үчүн жеңил болгон жок. Министрлери жана коопсуздук боюнча кеңешчилери менен узакка созулган талаш-тартыштардан кийин жетишилген мунасаны ал “өтө оор, татаал кадам болду” деп атады.

АКШда болсо президент Барак Обаманын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчелл бул жаңылык Вашингтон күткөн мезгилден кечигип келгенин, бирок азыркы өзгөрүү тынчтык процесси боюнча сүйлөшүүгө катышкан тараптарга ишеним берээрин айтты. Эң оболу ал Израил, Палестина жана коңшулаш арап мамлекеттери жөнүндө сүйлөдү.

“Жөөт конуштарын курууну 10 айга токтотуу, албетте, аны такыр токтотуудан алыс. Бирок Израил буга чейин эч кандай аракет жасаган эмес, андыктан бул баары бир жакшы көрүнүш жана келишимге жетишүүгө жардам берет”, - деди Митчелл.

Мамкатчы Хиллари Клинтон болсо Израилдин соңку билдирүүсү анын чекарасын 1967-жылга чейинки статусуна кайтаруу боюнча талкууну кайра баштоого көмөк болот деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Азырынча Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги конуштарда 300 миңдей жөөт жашайт, Чыгыш Иерусалимде болсо алардын саны 180 миңдин тегерегинде. Израилдин өкмөтү Палестинанын жери делген бул аймактарда өзүнүн конуштарын кеңейтип жатышын эларалык коомчулук сындап келди.

Азыркы 10 айлык мораторий, мисалы, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги гана конуштарга таркатылат. Палестина болсо конуштарды курууну Чыгыш Иерусалимде да токтотууну талап кылган. Анын үстүнө мораторий Иордан дарыясынын батыш жээгинде курулушу азыр жүрүп жаткан үйлөргө, синагогаларга жана мектептерге да таркатылбайт.

АКШ болсо бул маселе боюнча карама-каршы билдирүүлөрдү таркатууда. Алгач Обаманын администрациясы жөөттөрдүн баардык конуштарынын курулушу толук токтотулушу зарылдыгын билдирген. Кийин Клинтон айым Израилге барганда, курулуш иштери жарым-жартылай токтотулганын мактап, аны “буга чейин болуп көрбөгөн окуя” катары сыпаттады. Палестиндиктер болсо Клинтондун билдирүүсүнөн кийин АКШ Израил тарап болуп алды деп айыпташты.

АКШнын өкүлү Митчелл: “Жаңы конуштар боюнча Кошмо Штаттарынын позициясы өзгөрүлгөн жок, - деп айтты. - Президент буга чейин айткандай, Америка Израилдин баардык жаңы конуштарынын мыйзамдуулугун тааныбайт”.

Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө палестиндик өкүл Саеб Эрекат израилдик премьер Нетаньяхунун билдирүүсүндө эч кандай деле жаңы нерсе жоктугун, “Нетаньяху же тынчтыкты, же конуштарды курууну тандашы керек болгонун, ал конуштарды тандаганын” айтты.

Палестинанын президентинин кеңешчиси Набил Абу Рдайнах да Израил Чыгыш Иерусалимдеги курулуштарды да токтотпосо, анын тарабы сүйлөшүүгө барбай турганын айтып, бир да палестиндик мындай жарым-жартылай чараны кабыл албайт деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG