Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Ирандын жаңы планы Батышты бушайманга салды


Иранда өткөн көргөзмөгө жаңы атомдук реактордун макети коюлду. Ноябр, 2009-ж.
Иранда өткөн көргөзмөгө жаңы атомдук реактордун макети коюлду. Ноябр, 2009-ж.

Иран уранды байытууга адистешкен 10 жаңы завод кураарын жарыялады. Ахмадинежад жар салган бул жаңылык эл аралык коомчулукта терең тынчсыздануу жаратты.

Ирандын вице-президенти Али Акбар Салехи Улуттар уюмунун атомдук энергия агенттиги, же МАГАТЭ Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу катаал резолюция кабыл албаса, жаңы 10 завод курулмак эмес деп билдирди. МАГАТЭнин 27-ноябрда Иранды жакында дайыны чыккан уранды байытуу боюнча заводун жаап, андай иштерин бүт бойдон токтотууга милдеттендирген резолюциясына Тегеран ушундай жооп бергенин Салехи мамлекеттик радиодон жар салды.

“Бүгүн өкмөт МАГАТЭнин резолюциясына катаал жооп бермекчи болуп, даңы 10 жаңы завод куруу чечимин кабыл алды”, - деп жарыялаган Салехи жаңы заводдор Натанцтагы ишкана деңгээлинде өзөктүк отун өндүрөрүн кошумчалады. Ирандын вице=президентинин айтымында, центрифуганын жаңы түрү колдонула баштагандыктан, болочок заводдор чакан эле аймакты ээлеп, кудурети күчтүү болот. Алардын коопсуздугун бекемдеш үчүн заводдор бийик тоолуу аймактарда курулат.

Тегерандын бул жаңылыгы – эл аралык коомчулук маселени дипломатиялык жолдор аркылуу чечүүнү кызуу талкуулап-талашып жаткан кезге туш келди. Ирандын жаңы заводдор куруу планы – айрым эксперттер чочулагандай, маселен, Израил Иранга каршы аскердик аракеттер башташына түрткү болушу ажеп эмес. Андай болгондо, аягы кандай болорун айтуу кыйын.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши чукул жыйын өткөрүп, Тегеранга каршы жаңы санкцияларды караштыраары да азырынча белгисиз. Андай сунуштар буга чейин Орусия менен Кытайдын каршылыгынан улам өтпөй келген.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Иран жаңы планы аркылуу массалык кыруучу курал даярдоого жете тургандай өзөктүк материалга ээ болот деп бушайман, Тегеран болсо жаңы план келечекте 20 миң мегаватт электр өндүрүүгө мүмкүндүк берет деп курсанттанат.

Вашингтон Ирандын жаңы планы тууралуу кабарды Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши алдындагы милдеттенмелерди одоно бузуу аракети катары сыпаттады. Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Миллибанд Тегеран эл аралык коомчулукту чечкиндүү аракеттерге козутуп жатат деп айыптады. Франция, Германия Ирандын бул кадамы өтө кооптуу оюнга айланганын билдиришти.

Ал тапта Ирандын мамлекеттик телеканалы 10 жаңы завод куруу чечими кабыл алынды, аны ишке ашыруу аракеттери 2 ай ичинде башталат деп кабарлады. Ошентсе да, Ирандын парламент спикери Али Ларижани чырлуу маселени дипломатиялык жол менен жөнгө салуу дале мүмкүн деген пикирде.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG