Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

Россия: Поездди жардыруунун артында согушкерлер турат


Бийликтеги "Бирдиктүү Россия" партиясы Санкт-Петербург-Москва темир жолундагы жардыруудан курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрдү, Санкт-Петербург, 2-декабрь, 2009-жыл
Бийликтеги "Бирдиктүү Россия" партиясы Санкт-Петербург-Москва темир жолундагы жардыруудан курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрдү, Санкт-Петербург, 2-декабрь, 2009-жыл

Түндүк Кавказдагы исламчыл согушкерлер Москва-Петербург темир жолундагы жардыру үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Мындай маалымат чечен козголоңчуларына жакын интернет сайтында жарык көрдү.

Kavkaz.center сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, Доку Умаровдун буйругу жана жетекчилиги алдында ишке ашырылган операция Россиядагы маанилүү стратегиялык жайларга каршы багытталган кол салуулардын бир бөлүгү. Азырынча бул билдирүүнүн тастыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес. Кол салуу 26 кишинин өмүрүн алып кеткен.

27-ноябрда атайын даярдыктан өткөн диверсиялык топ “Невский экспресс” поездин жардырган, - делинет kavkaz.center сайтындагы билдирүүдө. Сайттын ырастоосунда, аларга исламчыл топтон ушундай мазмундагы кат түшкөн.

Жардыруудан Санкт-Петербургдан Москвага бараткан поезд жолдон чыгып кетип, 26 кишинин өмүрү кыйылган, 100дөн ашууну жараат алган.

Жоочулар бул жардыруу Россиядагы маанилүү “стратегиялык объектилерди керектен чыгарууга багытталган иш чаралардын бири, бул операциялар жыл башынан бери пландалып келген”, - деп билдиришүүдө.

Согушкерлердин айтымында, орус күчтөрү Кавказда “катардагы мусулмандарды жок кылуу саясатын жүргүзүүдө”, жана ал токтотулмайынча теракттар улантыла берет.

Билдирүү чындыкка канчалык дал келет азырынча билүү мүмкүн эмес. Kavkaz.center сайты буга чейин бир нече жолу тигил же бул топ кол салуунун артында турат деп ырастап келген эле, кийин орус бийликтери аларды төгүнгө чыгарган.

Операция Доку Умаровдун жетекчилиги алдында ишке ашырылганы айтылууда. Умаров өзүн “Кавказ Эмиратынын” лидери деп жарыялаган. Ал Түндүк Кавказдагы исламчыл согушкер топторду бириктирип, чөлкөмдө шарият орнотууну көздөөдө. Айрым маалыматтарга караганда, 2004-жылы Бесландагы мектепте болгон кандуу барымта кризиси же жакында Ингушетия президенти Юнус-Бек Евкуровдун өмүрүнө кол салуу жана бир катар башка теракттардын артында Умаров турат. Орус бийлиги жайында Евкуров жан кечтинин жардыруусунан катуу жаралангандан кийин Умаров антитеррордук операциянын натыйжасында тындым кылынган же олуттуу жараат алган деп билдирген.

Бирок июлдун башында Умаров Эркин Европа/Азаттык радиосуна Чеченстандан телефон чалып, эч кандай жаракат албаганын жана Россияда башка теракттарды пландап жатканын айткан. Ал ошондой эле Чеченстан менен Дагестан чегарасында куралчан топтордун согушкерлери менен жолугушканын, алардын катарына жаңы адамдарды жалдап жатканын, курал-жарак сатып алып, 2006-жылы өлтүрүлгөн талаа командири Шамил Басаев жетектеген “Риядус Салихи” тобун калыбына келтирүүгө аракеттенип жатканын кошумчалаган. Бир да мужахед менден буйрук болмоюнча кол салууну ишке ашырбайт, - деген Умаров.

“Азаттыктын” Түндүк Кавказ кызматынын кабарчысы Аслан Аюбовдун айтымында, Басаев менен Умаров илгертеден бири бирине жакын болчу:

- Менин билгениме караганда, Доку Умаров жылдар бою Шамил Басаевдин курал боюнча шериги гана эмес жакын досу болуп келген. Чечен президенти маркум Аслан Масхадовдун өкмөтүндө чогуу иштешкен. Анын ордун баскан Садуллаевдин өкмөтүнө да киришкен. Кавказдын келечегине иделогиялык көз караштары бирдей болчу. Бирок Басаевди катардагы козголоңчулар Умаровго караганда көбүрөөк урматташчу.

Темир жолдогу жардыруу Россиянын Түндүк Кавказдан тышкаркы аймагында акыркы 5 жыл ичинде орун алган эң кандуу кол салуу болуп калды. Кырсык өлкөнүн ири шаарларын теракттардын жаңы толкуну каттайт деген чочулоолорго жем таштады.

XS
SM
MD
LG