Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

Обаманын ооган планы жана Пакистан


Пакистан -- Коопсуздук өкүлү өлкөдө тыюу салынган "Техрик-е-Талибан" уюмунун эки мүчөсүн Карачиде журналисттерге "тааныштырып" жатат.
Пакистан -- Коопсуздук өкүлү өлкөдө тыюу салынган "Техрик-е-Талибан" уюмунун эки мүчөсүн Карачиде журналисттерге "тааныштырып" жатат.

Бир катар байкоочулар президент Барак Обаманын Ооганстандагы жаңы стратегиясынын ийгилиги көп жагынан Пакистан бийликтеринин аракеттерине жараша болорун айтышууда. Ак үйдүн кеңешчилери да ушундай ойдо экенин айрым гезиттер ырасташты.

Барак Обама өзүнүн жаңы стратегиясын жарыялап жатып, АКШнын коопсуздугу Ооганстан менен Пакистанда чечилерин атайын басым жасап белгиледи. "Ал-Каида" практикалап жаткан экстремизмдин очогу дал ушул жерде,-деп айтты ал. – 2001-жылы 11-сентябрда бизге дал ушул жерден кол салышты, азыр дал ушул жерде жаңы пландар түзүлүп жатат".

Пакистандык журналист Ахмед Рашид президент Обаманын планы жана анын ооматы эки жагдайга жараша болорун белгиледи. Эң алды менен жаңы милдеттердин өтөлүнө чыкканга ооган президенти Хамид Карзай менен ал жетектеген өкмөттүн чамасы чак келеби, кеп ушунда. Муну Рашид бүткүл стратегиянын "башкы проблемасы" деп атады.

Ал эми Пакистандын ролун Рашид жалпы аймакта "Ал-Каиданын", Ооганстанда "Талибан" кыймылынын кылтасын кыркуудагы "түйүндүү маселе" катары аныктады.

"Бул эми чын эле Пакистандагы аскери бийликтер үчүн чечүүчү учур болот",- дейт ал. Алар же АКШга кыр көрсөтүп, Ооганстандан келечекте коалициялык контингенти чыгарып кетүүнүн ар кандай мүмкүндүгүнө каршы курал катары ооган талиптерин сактап калуу зарылбы, же болбосо Вашингтон менен толук жана биротоло кызматташып, бул иште козголоңчулардын Пакистандагы жетекчилерин пайдалануу керекпи, ушу эки жолдун бирин тандап алууга тийиш.

Бул ойго Ооганстандын мурдагы ички иштер министри Али Ахмад Жалали да кошулат. Эгер ооган өкмөтү регионалдык, эл аралык коомчулуктун көмөгүнө таянып, мыйзамдуу, ачык, элдин ишенимине арзыган бийлик боло алса, анда Обаманын стратегиясы ийгиликке жетишет.

"Дүйнөлүк жамаат,айрыкча АКШ ооган калкы үчүн ушундай коопсуз система түзүүдө Кабул өкмөтүнө көмөктөшүшү зарыл. Бирок Пакистандын активдүү жардамысыз не оогандар, не эл аралык коомчулук эч кандай ийгиликке жете албайт",-дейт ал.

"Вашингтон пост" гезити кабарлагандай, ноябрда Обама Пакистан президентине кат жөнөтүп, Исламабадга соода-сатык, өнүгүү чөйрөсүндө, анын ичинде аскерий курулушта кеңири жардам көрсөткөнгө, эки өлкөнүн чалгындоо мекемелеринин кызматташтыгын чыңдоого убада берди. Ошол эле учурда Обама экстремистчил күчтөргө Исламабаддын тымызын колдоо көрсөткөнүн таптакыр жол берилгис иш деп атап, муну ачык-так жана тике мааниде эскертти.

Басылма президенттин кеңешчилери да Пакистандын активдүү көмөгү болмоюн, Исламабад бийликтери ички куралдуу коркунучтун мизин майтарганга белсенип киришмейин ооган жеринде бейкуттук орнотуу мүмкүн эмес деген бүтүмгө келишкенин ырастады.

Жекшемби күнү британ премьери Гордон Браун Пакистан бийликтерин өлкөдөгү "ал-каидачыларга" каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды эле, эртеси Исламабад өкмөтүнүн жетекчиси Юсуф Реза Гилани ага керагарланып жооп берди. Браундун сөздөрүн ал "адресинен адашкан" чакырык деп атап, терроризмге каршы күрөштө НАТОнун ооган жериндеги аскерлерине караганда Пакистан алда канча көп чыгым тартканын көрсөттү.

Б.Обама: "Дүйнөнүн коопсуздугу кыл учунда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

XS
SM
MD
LG