Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Путин террорчулукка каршы жапырт күрөшкө чакырды


Премьер-министр Путиндин суроолорго жооп берүүсүн көрүп жаткан жардандар. Ленинград дубаны.3-декабрь, 2009-жыл.
Премьер-министр Путиндин суроолорго жооп берүүсүн көрүп жаткан жардандар. Ленинград дубаны.3-декабрь, 2009-жыл.

Орусия премьер-министри Владимир Путин бейшемби - 3-декабрда түз эфирде өлкө жарандарынын суроолоруна жооп берди. Темир жолдогу жардыруу боюнча суроого жооп берген өкмөт башчы бул окуя терроризм коркунучу дале күч экенин айгинелегенин айтты.

Премьер-министр Путин президент кезиндеги салтты улантып, бейшемби күнү Россия букараларынын жообуна түз эфирден жооп

...дүйнөлүк экономикада, анын кесепетинен Россиянын экономикасында турбуленттик кубулуштар сакталууда.
В. Путин

берди. Биринчи суроо өткөн аптадагы Москва-Санкт-Петербург темир жолундагы жардырууга байланыштуу болду. “Невский экспресс” поездин жардыруудан 26 жүргүнчү өлүп, 100дөн ашуун адамды жарадар болгон. Бул жардыруу, Путиндин сөзүнчө, Россияда “терроризм коркунучу дале күчтүү экенин” айгинеледи:

Владимир Путин телекөрүүчүнүн суроосун угууда. 3-декабрь 2009
-Акыркы кыйракан бул багыттагы иштерди күчөтүү зарыл экенин көрсөттү. Арийне, мындай террорчулукту жасаган кылмышкерлерге каршы өтө катаал чара көрүү керек.


27-ноябрдагы кыйракан акыркы беш жылда Россиянын Түндүк Кавказ чөлкөмүнөн тыш жакта болгон эң чоң кандуу булоон болду жана эл ичинде ири шаарларда террорчулардын чабуулу кайталанат экен деген чочулоону жаратты.

Чечен жикчилери менен байланыштагы “Kavkazcenter.com“ сайты “Невский экспресс” поездиндеги жардыруу Доку Умаровдун буйругу боюнча жасалганы тууралуу 2-декабрда ислам согушчандарынын катын алганын билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташа элек.

Доку Умаров өзүн “Кавказ Эмираты” деп атаган топтун лашкер башчысы. Уюмдун максаты - Түндүк Кавказда шарият боюнча жашаган
М. Златковскийдин Россиядагы экономикалык кризиске арналган карикатурасы. 2009
өлкөнү куруу.

Владимир Путин өкмөттүк каналадар жабыла көрсөткөн түз эфир учурунда Россия экономикалык кризистин кыйын кезеңинен өткөнүн шардана кылды:

-Биз кризистин эң кыйын учуру артта калды деп ишенимдүү айта алабыз. Анткен менен дүйнөлүк экономикада, анын кесепетинен Россиянын экономикасында турбуленттик кубулуштар сакталууда. Бул кризистен чыгуу үчүн эбегейсиз күч жана аз эмес каражат керек.

Путиндин айтышынча, өтүп бараткан 2009-жылы Россиянын ички дүң жыйымы 8,5-8,7 процентке кыскарат. Эксперттер өлкөнүн ички дүң жыйымы 10 процентке азаят деп болжошкон.

Путин ошондой эле Россия пост-советтик өлкөлөр менен экономикалык мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө маани бергенин айтып, “Россия, Беларус жана Казакстан аралык бажы союзу түзүлгөнүнө биз аябай курсантбыз” деди.

XS
SM
MD
LG