Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Карзай жаңы кабинетин ушул аптада шардана кылат


Ооган президенти Хамид Карзай жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн жакынкы 3 күндүн ичинде сунуш кылмакчы. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Хамид Элми билдирди. Анын айтымында, президент кабинеттин түзүмүн саясатчы, эксперт, уруу аксакалдары менен талкуулап жатат. Батыш жана Вашингтон Карзайды паракорлукка чекит коюп, өкмөткө мурдагы талаа командирлерин эмес, технократтарды алууга үндөп келатышат. Элминин айтымында, байистүү талип согушкерлери менен сүйлөшүү баштоо жана антикоррупциялык чараларды иштеп чыгуу аракети көрүлүп жатат. Мындай талап эларлык коомчулук тарабынан коюлган. Карзай өткөн айда ант берип, экинчи президенттик мөөнөтүн расмий баштаган.

XS
SM
MD
LG