Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

АКШ бин Ладендин изине түшө элек


Пентагондун башчысы Роберт Гейтс террорчулардын лидери бин Ладендин дарек-дайыны тууралуу так маалымат жоктугун тастыктады.
Пентагондун башчысы Роберт Гейтс террорчулардын лидери бин Ладендин дарек-дайыны тууралуу так маалымат жоктугун тастыктады.

Пентагондун башчысы Роберт Гейтс "Ал-Каиданын" башчысы кайда экенин АКШ алиге чейин билбей турганын моюнга алды. Гейтстин айтымында, Усама бин Ладенди издөө иши уланып жатат, бу маселе жакынкы келечекте да күн тартибинде калат.

АВС телеканалындагы апталык программада чыгып сүйлөп, Роберт Гейтс террорчулардын лидери Усама бин Ладендин кайда жашырынып жүргөнү тууралуу ишенимдүү маалымат жоктугун ырастады. "Биз муну билбейбиз, эгер билсек артынан түшмөкпүз",- деп айтты Гейтс. Атайын түзүлгөн бөлүктөр "Ал-Каиданын" башчысын издөө иштерин улантып жатат, азырынча анын изине чыга элек.

Жакында Пакистанда колго түшкөн талиптердин бир өкүлү бир ай мурда бин Ладенди Ооганстанда көргөн адамдар менен сүйлөшкөнүн айткан эле. Анын айтымында, "Ал-Каиданын" башчысы америкалыктардын аба жапырыктарынан чочулап, Пакистандан жер которуп кеткен. Ден соолугу жакшы дешет, бирок ооруп калганы тууралуу да ушак-айыңдар бар.

Пентагондун башчысы бул маалыматты тастыктаган жок.

Жакында АКШ сенатынын эл аралык иштер боюнча комитети өз докладында 2001-жылдын этегинде Ооганстанда бин Ланденди колго түшүрүүнүн оңтойлуу удулу болгонун, бирок ал коңшулаш Пакистандын уруулар аймагына өтө качып кеткенин белгилеген эле.

Гейтс мындан бир нече жыл мурда чын эле бин Ладенге байланыштуу так маалымат алынганын бышыктады. Бирок эмне үчүн андай мүмкүнчүлүк колдон чыгып кеткенин тактаган жок.

Атайын кызматтар бин Ладен Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы тоолуу аймактарда жашынып жүрөт болуу керек деп түкшөмөлдөшөт. Өткөн аптада Лондондо британ премьери менен жолугуп, Пакистан өкмөт башчысы Юсуф Реза Гилани Исламабад бийликтери ушу кезге чейин бин Ладенге байланыштуу АКШдан ишенимдүү жана пайдалуу бир да маалымат алган жок деп ырастады.

Гейтс ырастагандай, "Ал-Каиданын" башчысын издөө дале күн тартибиндеги башкы маселе бойдон калат. Аны кармаганга пайдасы тийген маалымат үчүн Вашингтон 27 миллион доллар байгепул сайган.

Гейтс ошондой эле Ооганстанга кошумча киргизилгени жаткан отуз миңдей контингенттин бул ишке көмөгү тиет кыязындагы үмүтүн билдирди. Жаңы стратегиядагы башкы максаттар арасынан ал "Талибан" кыймылынын лидерлерин уруштан баш тарттырып, сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурганга мажбур кылууну атады.

Ооган президенти Хамид Карзай эгер эл аралык коомчулук колдосо талиптердин башчысы Омар молдо менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген эле. Вашингтон мунун эки шартын атады: биринчиден, "Талибан" толугу менен куралдуу күрөштөн баш тартышы керек, экинчиден, "Ал-Каидадан" кол үзүп, аны колдогонун токтотууга тийиш.

"Талибан" жетекчилиги болсо ооган жеринде чет элдик контингент турган учурда Кабул өкмөтү менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG