Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

АКШ Иран маселесинде Анкарага ишенет


АКШ президенти Барак Обама түрк премьери Эрдоганды Ак үйдө кабыл алды. 7-декабр, 2009-ж.
АКШ президенти Барак Обама түрк премьери Эрдоганды Ак үйдө кабыл алды. 7-декабр, 2009-ж.

Дүйшөмбүдө Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен жолугуп, бир катар эл аралык маселелерди талкуулады.

Эки лидер Ирандын өзөктүк программасын, Жакынкы Чыгыш жаңжалын жана жакындан тарта жылыш пайда болгон Түркия-Армения алакаларын сөз кылышканын Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу соңунда НАТОго мүчө эки өлкө үчүн баарынан маанилүү маселелердин бири Ирандын өзөктүк программасы экенине макул болкшту деп басым жасады.

- Мен Эрдоган мырзага бул маселени - Иран эл аралык эреже-талаптарга баш ийгенин кепилденген шартта жай турмуштук максатта өзөктүк энергия өндүрүшүн жолго койсо боло тургандай өңүттө чечүү керектигин айттым. Иранды ушундай багытка бурууда Түркия бирден бир чечүүчү тарап боло аларына ишенем, - деди Обама.

Режеп Тайип Эрдоган Түркия Ирандын өзөктүк программасы өзгөчө көңүл бурулчу маселе экенин түшүнөт деп белгиледи. “Биз маселени дипломатиялык жолдор аркылуу чечүү баарынан ылайыктуу деп эсептейбиз Түркия Иран менен сүйлөшүүгө, бул иште ортомчулук кылууга даяр”, - деп ырастады Анкаранын ниетин түрк өкмөт башчысы.

Эрдоган ошондой эле Түркия чөлкөмдө кайсы бир өлкө өзөктүк куралга ээ болушуна караманча каршы, кооптуу куралы бар өлкөлөр андан тезирээк кутулушун каалайт деп айтты. АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү Ирандын түпкү максаты массалык кыруучу курал жасоо деп шектенет. Түрк премьери Ирандын бул программа жалаң кошумча энергия өндүрүүнү көздөйт деген сөзүнө ишенээрин кошумчалады. Өткөн айда Эрдоган Тегеранга барып, газ жана соода жаатында бир катар келишимдерге кол койгон, ага удаа Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежадды Стамбулда кабыл алып, аны “жакшы санаалаш дос” деп сыпаттаган.


АКШ президенти Барак Обама НАТОнун Ооганстандагы аракеттерине Анкара кошкон өлчөөсүз салымды жогору баалады. Ушу тапта Ооганстанда 1700дөй түрк аскери кызмат өтөөдө, жакында АКШ ал жакка дагы 30 миңдей кошумча жоокер жөнөтөөрүн жарыялап, НАТОдогу өнөктөштөрүн бул демилгени колдоого үндөгөн. Азырынча НАТОго мүчө Түркия АКШнын ал демилгесине кошулаар-кошулбасын ачык айта элек. Андан сырткары Барак Обама Түркия-Армения алакаларына токтолуп, түрк премьерин бул багытта жасаган эржүрөк кадамы менен куттуктап, андан аркы жылыштарды күтө турганын кошумчалады.

Барак Обама ошондой эле Түркиянын Ирак менен чектеш аймактарында 30 жылдан ашуун мезгилден бери көз карандысыздык үчүн күрөшүп келаткан Күртстан жумушчу партиясын АКШ террорчул уюм катары таанырын, кыймыл Түркия гана эмес, Ирактагы кырдаалга да коркунуч келтирип жатканын белгиледи.

Айрым эксперттер көп жылдардан бери Жакынкы Чыгыш жаңжалында ортомчулук ролду аткарып келген Анкара соңку кездери андай милдетти аркалоо ишеничинен кете баштаганын айтышат. Вашингтондогу Херитэж (Мурас) фондунун изилдөөчүсү Жеймс Филипп андай пикирдин калыптанышына азыркы түрк премьери чоң салым кошту деп эсептейт.

- Эрдоган Түркиянын Чыгыш менен Батышты бириктирген көпүрө сымал салттуу ролуна залака келтирди, анткени ал өзү далай ирет Батышка каршы билдирүүлөр жасады. Эрдогандын андай сөздөрү АКШ, Израилде катуу сынга кабылып, Түркиянын салттуу арачылык ролуна терс таасирин тийгизди.

Кээ бир эксперттер антип, Анкаранын Иран, Жакынкы Чыгыш жана башка регионалдык маселелерде калыс ортомчу боло аларынан күмөн санаганы менен, АКШ президенти Түркиянын колунан көп нерсе келерине ишенээрин кайталады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG