Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Бишкек ИИБ 9-декабрдагы кол салууларды иликтөөдө


Шаардык ИИБдан кабарлашкандай милиция саясатчы Б. Жанузаков сабалганы тууралуу маалымат келери менен барып, окуя болгон жерди иликтөөгө алган. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө. Ушундай эле аракеттер саясат талдоочу А. Князевдин сабалып тонолушуна байланыштуу да жасалууда.
Мурда кабарлангандай, 9-декабрда белгисиз бирөөлөр саясатчы Болот Жанузаковду сабап, чөнтөк телефонун алып кетишкен. Ошол эле күнү “Асанбай” кичирайонунда жашаган саясат талдоочу Александр Князевге да белгисиз бирөөлөр кол салып, уру-сабап, 45 миң сомдук кол компьютерин көтөрүп кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG