Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

К.Ташиев: Премьерди кетирүүгө бар күчүмдү жумшайм


Бүгүн (11-декабрь) премьер-министрдин сунушуна ылайык, президенттин жарлыгы менен өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кызматынан бошотулду. Ага удаалаш эле мурдагы министр маалымат жыйынын өткөрүп, Данияр Үсөнов өкмөт башына келгени тартипсиздик күчөгөнүн, эми аны чукул арада кызматтан кетиришке бар күчүн жумшай турганын жарыялады.

Премьер-министр Данияр Үсөнов менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев кечээ өкмөттүк жыйында кайым айтыша кетишкен эле. Анда өкмөт башчы К.Ташиевди тилдеп, министрликтин резервдеги акчаларына кызматкерлери үчүн Ош шаарында көп кабаттуу үй курганын сынга алып, экөөнүн ортосунда мындайча кайым айтышуу жүргөн:

Д.Үсөнов: - Эгер эртең бул акчаларды Өзгөчө кырдаалдар министри быйыл пайдалангандай иштетип ийсеңер силер менен жалпы тил таба албайбыз. Бирок резервдеги акчаларды ордуна коюш керек, ал ошол жерде турсун. Мындан кийин мындай иштер...

К.Ташиев: - Данияр Токтогулович, кечиресиз, эгер ушул үйдүн курулушу жөнүндө минтип ойлосоңуз, мен азыр эле кызматтан кетүү жөнүндө арызымды жазам.

Д.Үсөнов: - Жаза бериңиз! Каршылык жок.
Эгер эртең бул акчаларды Өзгөчө кырдаалдар министри быйыл пайдалангандай иштетип ийсеңер силер менен жалпы тил таба албайбыз.

Данияр Үсөнов


К.Ташиев: - Мен бүгүн эле арызымды жазам.

Экс-министр эмне дейт?

Ош шаарында кызматкерлери үчүн үй куруп бергени туура иш болгонун жана премьердин сынына макул эместигин билдирген К.Ташиев дароо эле кызматтан кетүүгө арыз жазарын айткан.

Бирок бүгүн К.Ташиев өз арызынын негизинде эмес, премьер-министрдин сунушуна ылайык кызматынан алынды.

Дароо эле кызматынан алынган К.Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги бөлүмүндө маалымат жыйынын өткөрүп, кызматтан алынуу себебин айтып берди:

- Жумуштан кеткенимдин башкы себеби мындай: Президенттин берген тапшырмасы, өкмөттүн токтомуна ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2008-жылы февраль айында Ош шаарына көчүрүлгөн. Андан сырткары ошондо эле өкмөттүн токтому чыккан, Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине үй куруу боюнча. Ошол тапшырманы аткаруунун негизинде азыркы премьер-министр Данияр Үсөнов менен пикир келишпестиктин айынан мен арыз жазып берип, кызматтан кеттим.

Бул жерде биз өкмөт бөлүп берген акчаларды бүт пайдаландык. Андан тышкары өкмөт 36 миллионду өкмөт өз убагында бөлүп бере албай калды. Бирок өкмөт башчысынын, каржы министрдин убадаларынын негизинде жана президенттин койгон тапшырмасына ылайык үйдү тез арада бүткөрүү менин мойнума тапшырылган болчу. Анын 18 миллиондон ашыгын өкмөт 2009-жылдын бюджетине киргизген өзгөртүүлөрүндө кайтарып берди. Бул акча ошол ишти аткаргандарга карызыбыз болгон. Андан башка 18 миллион сом бул - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде турган товардык-материалдык мүлк болчу. Аны колдонуу министрликтин оперативдүү иштерине эч кандай зыянын тийгизген эмес.


Ошондой эле ал мындан аркы аракети тууралуу айтып, президентке каршы оппозиция болуу ниети жоктугун, К.Бакиевдин саясатын колдоорун, бирок жакынкы арада өкмөт башчысын кызматтан кетирүүгө бар күчүн жумшарын айтты:

- Оппозициялык маанайдагы кыймыл түзүү менин оюмда жок. Бирок өкмөт башчыны алмаштырууга мен толук күчүмдү жумшайм. Жакынкы күндөрү, эч качан алыстабастан аны алмаштырууга толук күч үрөйм.

Ал эми дагы бир жолу айтсам, президентке каршы оппозицияда эмесмин. Анын саясатын колдоп келгем.
Оппозициялык маанайдагы кыймыл түзүү менин оюмда жок. Бирок өкмөт башчыны алмаштырууга мен толук күчүмдү жумшайм.

Камчыбек Ташиев


К.Ташиевдин аракети кандай бааланууда?

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, кызматтан алынган чиновниктердин жетекчилерди коркутканы жаман көрүнүш. Бул өлкөдөгү чиновниктердин мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыгы өйдө турганын көрсөтүп турат:

- Биз бири-бирибиз менен уруша кетип, анан эле кишилерди топтоп келип токмоктошо берсек кандай болот? Бул эми мамлекеттик чоң кызматкерлердин эмес, бала бакчасындагы балдардын аракети.

Эгер ал тарапкерлери менен келип Д.Үсөновду кызматтан алып тынса деле, албай калса деле мага анча кызык эмес. Бирок булардын методу жаман болуп атат. “Мени бирөө кызматтан алса, анда мен кишилерди топтоп келип ага көрсөтөм” деген сыяктуу аракет мага бандиттик аракеттей сезилип атат.


Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри ошондой эле Д.Үсөновдой адамдардын айынан Кыргызстан тартипсиз өлкөгө айланганына, кечээ эле министр болуп турган өзүн, бүгүн эле мамлекеттик маалымат каражаттары шыбай баштаганына капа болду. Андан тышкары ал жакында ага карата кылмыш иши козголуп калса да таң калбоо керектигин, бирок аны мындай жол менен сындыруу мүмкүн эместигин айтат.

Ушул эле күнү Жалал-Абад обустук администрациясына мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери келип, К.Ташиевди кызматында калтырууну талап кылышты. Облус губернаторунун орун басары менен жолугушкан К.Ташиевдин жердештери, эгер талаптары аткарылбаса чатак салышарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG