Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Гуантанамодогулардын бир бөлүгү АКШ аймагына которулат


Гуантанамодон которулгандар Иллинойс штатындагы ушул түрмөгө жайгаштырылат.
Гуантанамодон которулгандар Иллинойс штатындагы ушул түрмөгө жайгаштырылат.

Кубанын Гуантанамо аралындагы аскерий түрмөдө отурган айыпкерлердин чектелген санын АКШ аймагына которуу планын Вашингтон администрациясы бүгүн жарыялаары күтүлүүдө. Бул адам укугун коргоочулар сынга алып келген түрмөнү жабуу багытындагы чечүүчү кадам болот.

Президент Барак Обама Гуантанамо түрмөсүн жабууну шайлоо өнөктүгү учурунда эле убада кылган. Кийин президенттик кызматка киришкенден соң террорчулукта шектелген чет элдиктер отурган түрмөнү 2010-жылга карата жабууга көрсөтмө берген болчу. Ошондой эле айрым айыпкерлердин ишин АКШнын жарандык сотунда кароого жол ачкан укуктук документ да кабыл алынган. Эми айыпкерлердин бир бөлүгүн Гуантанамодон которуу жөнүндөгү чечим Обаманын түрмөнү жабуу боюнча убадасын аткаруудагы олуттуу кадам болуп саналат. Аскерий түрмөдө террорчулукта шектелген айыпкерлердин бир нече жылдап соттсуз кармалышы адам укугун коргоочулар тарабынан сынга алынып келинген.

Айыпкерлерди Иллинойс штаты кабыл алат

Вашингтондогу расмий өкүлдөрдүн айтымында, президент Обама Федералдык өкмөткө Илиннойс штатынын түндүк-батышында, айыл жеринде жайгашкан түрмөнү сатып алууну буюруду. Томсон түзөтүү борбору деп аталган түрмөгө Гуантанамодогу айыпкерлердин “чектелген саны” гана которулмакчы. Аталган борбор өзгөчө режимдеги түрмө катары Иллинойс штатынын жергиликтүү бийликтери тарабынан курулган, азыр дээрлик бош турат.

“Чектелген сан” деген эмнени туюндурарын расмий өкүлдөр түшүндүргөн жок. Бирок Иллинойс штатынан шайланган сенатор Дик Дэрбиндин айтымында, которула тургандар саны 100дөн ашпайт.

Президент Барак Обаманын Гуантанамодо отургандарды АКШнын аймагына алып келип, иштерин жарандык сотто кароо пландары башында катуу каршылык жараткан. Планга каршы чыккандардын пикиринде, террорчулукта шектелгендердин АКШ аймагында туруусу жаңы чабуулдарга шыктандырат.

Бирок Иллинойс штатынын губернатору жана Томсон деген чакан кыштактын тургундары өз аймагындагы түрмөдө айыпкерлерди кабыл алууга бул иштин жергиликтүү экономикага тийүүчү пайдасынан улам макул болушкандай. Штаттын губернатору Пэт Куин мындай дейт:

-Бул биздин штат, биздин экономика, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жакшы нерсе. Биз Америка коопсуздукту биринчи орунга койооруна ишенебиз. Иллинойс штатында турмө турганда, биз аны жарандардын коопсуздугун кепилдөөчү нерсе деп эсептейбиз. Ошол эле учурда эгер кылмыш болсо, ал жазалануусу жана кылмышкер эркинен ажыратылуусу керектигин түшүнөбүз.

Бошонуп чыккандардын айрымдары сотко кайрылууда

Бул аралыкта Гуантанамодогулардын иши менен байланышкан укуктук чалкештиктер орун алып жатат. Кечээ АКШнын Жогорку Соту ооган улутундагы британиялык төрт жарандын доо арызын четке какты. Абакта кыйналганыбыз жана диний укуктарыбыз бузулганы үчүн америкалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдү сотко бере алышыбыз керек деп эсептеген мурдагы айыпкерлер Жогорку Соттон аппеляциялык соттун чечимин өзгөртүүнү суранышкан. Бирок Жогорку Сот алар сотко бергиси келген расмий өкүлдөрдө кол тийбестик укугу болгон деген жүйөө менен доо арызды четке какты.

Гуантанамо менен байланышкан дагы бир сот иши Кенияда жүрүүдө. Түрмөдө мурда отуруп кеткендердин бири Кениянын өкмөтүн аны АКШга өткөрүп бергенге чейин мыйзамсыз кармаганы жана кыйнаганы үчүн сотко берип, 30 миллион доллар доо коюуда.

Камактагыларды башка өлкөлөргө которуу аракетинен көп деле майнап чыккан жок

Президент Барак Обаманын администрациясы акыркы айларда өнөктөш өлкөлөр Гуантанамодо отургандарды кабыл алуусу үчүн да аракеттенип келди, бирок көп деле ийгиликке жете алган жок. Вашингтон кайрылган акыркы өлкө Болгария болду. Бирок болгар өкмөт башчысы Бойко Борисовдун 12-декабрда айтканына караганда, алар бир гана адамды кабыл алууну каалайт. АКШнын Европадагы калган өнөктөштөрү деле бул маселе боюнча ушуга окшош көңүл кош жообун беришти. Француз тышкы иштер министрлигинин өткөн аптадагы маалыматына караганда, Гуантанамодо отургандардын бирөөсү Францияга, дагы бирөөсү Венгрияга жөнөтүлгөн. Ушу тапта ал жерде 200дөн ашуун айыпкер бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG