Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

А. Бекназаров: Оппозиция саясий күрөштүн башка жолун тандайт


Балыкчы окуясы боюнча соттолгондор менен алардын жактоочулары алгачкы сот өкүмү боюнча соттук жогорку баскычтарга даттанбайт. Аталган иш боюнча жактоочулардын бири, БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров анын себебин сот акыйкаттыгынан үмүт үзүлгөнү менен түшүндүрдү.


- Азимбек мырза, сиз жактоочу катары катышып жаткан соттордун бири - Балыкчы окуясына байланышкан ишке өткөн жумада сот өкүмү чыгып, төрт айыпталуучу төрт жылга, калган 14 киши киши 2-3 жылдан шарттуу түрдө кесилди. Сиздер бул өкүм боюнча апелляциялык арыз менен кайрылбоону чечипсиздер, анын себеби эмнеде?

Апелляциялык арыз жазсак деле ошондой чечим чыгаарына көзүбүз жетти.

- Биз соттолуучулардын туугандары менен, ошондой эле Социал-демократиялык партиясынын активисттери менен сот залында чогуу болдук. Соттун чечими мыйзамга негизделбей эле баягы жогорку жактан эмне айтылса ошондой чыгып калды. Бул соттук чечим эмес, саясий чечим болуп калды. Мындан ары биз апелляциялык арыз жазсак деле ошондой чечим чыгараарына көзүбүз жетти. Ошондуктан арызданбай жөн эле коелу деп чечтик, андан көрө күрөштүн башка жолун тандайлы дедик. Анан туугандары дагы, соттолуучулар өздөрү дагы ушундай ой-пикирди билдиришти.

- Демек эми оппозициянын саясий күрөшүнүн мүнөзү, ыкмасы өзгөрөбү анда?

- Негизинен шайлоо болгондон кийин бир топ саясатчылар деле, саясат таануучулар деле ойлонгонбуз, эми президент экинчи мөөнөтүндө кандайдыр бир мыйзамдуу, укуктук бир жаңыланууга барат го деп. Жок, тескерисинче бүгүнкү коомдук мамилелерди, бүгүнкү саясатты карап туруп ушундай чечимге келүүгө туура келип атат. Кыргызстанда деги эле мыйзам, укук деген жок. Тескерисинче күчкө гана таянып, башкача ой-пикирде болгондорду, башкакча ойлорду айткандарды куугунтуктоо күндөн-күнгө күч алып баратат. Ошого байланыштуу биз дагы, оппозиция дагы ойлоп атабыз, өздөрүнө жараша саясий күрөштүн нугун башка жакка бурсакпы деп.

- Азимбек мырза, Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандарга прокурор дагы төрт жылдан сураган болчу, ошол төрт жылды сот берип олтурат. Сиз мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун ишинде да жактоочусуз, ага да сегиз жыл суралган. Бул иште да прокурор сураган мөөнөт берилиши мүмкүнбү?

- Эми ошондой болуп атпайбы. Прокурор эмне деп суранса, үтүр-чекитине чейин өзгөртүлбөй эле сот деле ошону кайталап атат. Мындан биз бул саясий иштер жогорку жактан кандай чечим чыгарылса прокурору дагы, соту дагы башка тергөөчүлөрү дагы ошону гана аткарат дегендин далили деп жыйынтык чыгарсак болот. Ошондуктан Исаковдун иши деле, Петровканын иши деле ушундай эле жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Себеби тергөө учурунан баштап мыйзам бузулууларды айтып отуруп, жадап бүтпөдүкпү.
Чечимди сотто эмес, таптакыр башка жактан кабыл алынып жатканына биз ишендик.

Анан прокурор оңдобой, сот оңдобой кайра эле саясий чечим чыгарып атат. Ошондуктан бул иштерде ошол прокурорлор, соттор деле жогорку жактын саясий чечимин аткарган аткаруучулар болуп калып атат. Чечимди таптакыр башка жактан кабыл алып атканына азыр биз ишендик, ынандык. Ошондуктан жанагындай бир мыйзам бар, мыйзамдын чегинде сот бар деп үмүт эткенибизди токтотолу деп атабыз.

- Рахмат маегиңизге.

Тасмада: Балыкчы окуясы боюнча 24-ноябрдагы сот

Балыкчы окуясы боюнча сот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG