Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Укук убайымы же буйлаланган мыйзам икаясы


Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышында толгон-токой өксүктөр бар. Көз карандысыз укук коргоочулар Кыргызстан жабык өлкөгө айланып бара жатканын белгилешүүдө. Эларалык эксперттерди киргизбей коюу, саясий куугунтуктардын арбышы, сөз эркиндигинин кысымга алынышы көнүмүшкө айланып баратат.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мыйзам сактоо кызматтарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен 9-декабрда өткөргөн жыйынында мына ушул маселелер жайында кеп болду.

Парламенттеги жыйында башкы прокурордун 1-орунбасары Сумар Насиза кыйноолорго каршы кылмыш иштери сейрек козголорун, ал эми жарандарды мыйзамсыз кармап, камакка алгандыгы үчүн 22 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Ал эми жарандардын шайлоо укуктарынын бузулушу, тутамдап шайлоо бүлетендерин таштоо жөнүндө бир да расмий кайрылуу түшпөгөнүн ырастады.

- Биз бул иш боюнча кылмыш ишин козгогонубуз жок. Мен андайды билбейм. Тутамдап бүлетен салганы жөнүндө расмий билдирүү болгон жок.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева Кыргызстанда өтүп келаткан шайлоонун баарында тутамдап бүлетен таштоолор болорун, андайларды жооптуу кызмат адамдары калкалап турушканын ырастады. Дагы бир жагымсыз жагдай, журналисттерге кысым өзгөчө күчөп кеткенин айтты.

- Аман калгандары чет өлкөлөргө кетип жанын сактап калышты. Же болбосо бул жерде өлтүрүлдү. Бу Кыргызстанда сөз эркиндиги кандай сакталып жатат? Жыйын куруу эркиндиги да бар. Көчөгө чыксаң эле кармаласың.

Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров мыйзам сактоо кызматтары тарабынан саясий, диний ынанымдары үчүн камакка алынгандар, куугунтукка кабылгандар арбып бара жатканына токтолуп анын бир мисалы катары Балыкчыдагы сот ишин келтирди.

- Бүгүн мына Балыкчы шаарынын соту башын чеңгелдеп отурат. Айыпкерге айыптоо токтому берилбеген, урматтуу Насиза мырза. Айыптоо токтому берилбеген кишини кантип соттойт? Ал гана эмес кармалган күндөн тартып бир да жактоочу камсыз кылынган эмес.

А.Бекназаров ушундай эле жагдайлар Петровка менен Бишкектеги гарнизондук аскердик сотто кайталанып, коюлган айыптар чет-четинен ыдырап, адам укуктары мыйзам сактоо кызматтары тарабынан көз-көрүнөө тебеленип жатканын айтты. Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев балыкчылык топ шайлоочуга конституциялык түзүлүштү өзгөртүү аракетин жасаган деп айып коюунун ордуна Башмыйзамды көз көрүнөө бузуп жаткан президент К.Бакиевдин ишине эмне үчүн укуктук баа берилбей жатканына кызыкты.

- Көрүп атпайбызбы. Агенттик директору кеңешме өткөрүп атып премьер-министрди башкарып отурат. Конституция боюнча ал өлкөдөгү үчүнчү адам го. Мына ушул конституциялык түзүлүштү өзгөртүү. Балыкчыда эмес, ушул жерде иш козгош керек эле.

Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын төрага орунбасары Рустам Мамасадыков өлкөгө киргизилбей артка кайтарылып жиберилген эларалык эксперттердин маселеси коопсуздукка байланышканын, жанкечтилерге каршы күрөш алдын-алуу чараларына кошуларын белгиледи.

- Кыргызча айтканда, жаш кезинде баары жакшы эле. Анан тиги киши кайдан чыкты дегендей, анан кайдан чыгып жатат жардыруулар, киши өлтүрүүлөр?

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңеш мүчөсү Исмаил Исаков Кыргызстан кийинки жылдары саясий-экономикалык, социалдык тажрыйба өткөрүү аянтчасына айланып калганын айтып, Ош облус губернаторунун орунбасары анын алайлык туугандарына кысым көрсөтүп жатканын кабарлады.

- Балыкчы менен Петровкада адамдарды отургузуп алып саясий ынанымды жок кылуунун тажрыйбасын жүргүзүп жатышат. Алардын ата-эне, тууган-туушкандары мындай шартта эмне кылышарын карап турушат. Бир жылда мага үч кылмыш ишин илип коюшуп тажрыйба жүргүзүшүүдө. И.Исаков менен анын достору, туугандары эмне кылышар экен, деп отурушат.

Адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстан эларалык келишимдердин көбүнө кол коюп, талаптарды аткаруу милдетин өзүнө алган. Кийинки жылдары укук сактоо жаатында мыйзам бузуулар көп катталып, саясий куугунтукка кабылгандардын катары арбып, чет өлкөгө баш калкалап кеткендер көбөйүүдө.

XS
SM
MD
LG