Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Э. Каптагаев: Азыр элдин көбү оппозициялык маанайда


Саясий куугунтуктоодон жабыркагандардын укугун коргоо комитети акыркы 3-4 жылда Кыргызстанда саясий куугунтукка туш болгондордун саны тогуз эсеге өсүп, 98ге жеткенин маалымдап атат. Бул багытта Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевди сөзгө тарттык.

- Өткөн жумада сиздин үстүңүздөн козголгон кылмыш иши соттон кыскарды. Ушундан улам азыркы тапта соттолуп жаткан оппозиция мүчөлөрү да адилет соттолот го деген үмүт бардыгы айтылып атат. Саясий куугунтукка кабылды дегендердин арасында сиз да бар элеңиз да буга чейин?

- Ооба. Эми саясий куугунтуктун түрү ар кандай болот. Сөзсүз эле сот жообуна тартуу, кылмыш ишин козгоо эмес, башка ар кандай болушу мүмкүн. Мисалы ошол эле журналисттердин сабалып кетип атышын да саясий куугунтук катары караш керек менин оюмча.

- Бүгүнкү күнү бир нече оппозиционерлер: Исаковдун, Жекшенкуловдун, Бөлөкбаевдин, андан тышкары Балыкчыда ондон ашуун кишинин сот иштери жүрүп жатат. Кылмыш иши козголгонуна байланыштуу буга чейин чет мамлекетке кеткендер болду. Мына ушундай жол менен бийлик оппозицияны алсыздантты деген пикирлерге сиз кошуласызбы?

- Буга кошулуш кыйын. Анткени оппозицияны алсыздантты деген сөздүн өзү туура эмес. Оппозиция дайым болот, анткени бийликтин кандай кадамы болсун ошого пикир келишпестик, ошого макул болбогон көз караштын пайда болушу бул күн сайын, саат сайын оппозиция пайда боло берет деген эле сөз. Акыркы эле тариф саясатын алганда, менин оюмча, азыр өкмөттүн жасап аткан ишине Кыргызстандын элинин дээрлик баары эле каршы. Демек Кыргызстандын эли толук эле оппозицияда деп айтсак болот да.

- Сиздин пикирлештериңиздин бири Исмаил Исаковдун үстүнөн болуп жаткан сот аяктоо алдында турат. Сиз мамлекеттик айыптоочулар сураган жазадан кабардар болушуңуз керек. Эгерде генерал камалып кетсе жөн жатпайбыз деп анын жердештери - алайлыктар да билдирип атышат. Элдин саясий эрки жетеби бийликке каршы чыгууга азыркы күндө?

- Генералдын үстүнөн иш бул өзү азыркы саясаттын жүзүн көрсөтүп атат. Эч кандай айып тагалбай, жөн жерден 8 жыл эркинен ажыратылсын, генералдык наамын алып ташташ керек дегендин өзү бул - жүзү каралык. Менин оюмча, эгерде бүгүн генерал Исаковдун үстүнөн айыптоо өкүмү чыгып, аны жазага тартуу жөнүндө чечим чыгара турган болсо, бул ошо соттун 100 эмес 200 пайыз саясий тапшырма менен иштеп атканын эле далили болот. Буга бүт эл күбө болуп турат азыр.

- Бийликке каршы нааразылык акцияларына чыгууга элдин саясий эрки жетеби?

- Элдин саясий эрки жетет. Бүгүн мындан 2-3-5 ай мурдагыга караганда ачык айтып, өзүнүн пикир келишпестигин, азыркы жүрүп жаткан саясатты жактырбасын көп адамдар ачык айта баштады. Эртең менин оюмча, эгер саясий буйрук менен генералдын үстүнөн болобу, башка кишилердин үстүнөн болобу, кандайдыр бир туура эмес чечимдер кабыл алынып, ошолорду аягына чейин сындырабыз, аягына чейин басабыз деген ой болсо укук коргоо органдары да, соттор дагы мындан жаңылышат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG