Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

"Кийинки жолкусунда сени аябайбыз!"


Ушул жылдын 1-ноябрында белгисиз адамдар тарабынан сабалган шаардык «Ош шамы» гезитининин кабарчылар түйүнүн башчысы Кубаныч Жолдошев аны чөнтөк телефону аркылуу опузалап коркуткан билдирүүлөрдү алып жатканын билдирди.

Өзүнө карата акыркы мезгилде чөнтөк телефонуна SMS кат жөнөтүп, коркутуп-үркүтүүлөр күчөп бараткандыгын шаардык «Ош шамы» гезитининин кабарчылар түйүнүн башчысы Кубаныч Жолдошев «Азаттыкка» төмөнкүчө билдирди.

- Кимдерден келди экен деп окусам, мындай мааниде SMS жөнөтүшүптүр: «Кийинки жолкусунда сени аябайбыз! Бирөөнү эмне кыласың, өзүң жөнүндө ойлон! Азырынча кубанып тур, анткени, биз сага өмүр тартууладык», деп жазышыптыр.

Кубаныч Жолдошевдун ырасташынча, бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгына даттанган, бирок өмүрүнө коркунуч туудургандарды аныктоо жана табуу аракети оңунан чыга элек.

«Ош шамы» гезитининин баш редактору Тургунбай Алдакулов кызматкеринин сабалышын жана кийинки убактарда коркутууга кабылышын анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда:

- Окуянын жыйынтыгы мени ушундай ойго түртүүдө. Анткени, буга чейин деле бизге «жанагындай материалыңар жарык көрсө, ошоңорго жараша жооп кайтарабыз!» деген коркутуп-үркүтүүлөр болуп келген.

Кайрадан кепке аралашкан Кубаныч Жолдошев анын токмоктолушуна байланышкан тергөө аягына чыгып, чыныгы кылмышкерлер жоопко тартылышына көзү жетпей калгандыгын кошумчалады:

- Шаардагы мафиоздук түзүмдөр десем болчудай, масштабы жагынан он-жыйырма, жадагалса отуз эсе чоң экендигине эми чындап ынандым. Абайлап карасаңар, бардыгы бири-бирине тыгыз байланган, бири-бири менен чиеленишкен. Демек, алардын арасынан айыптуулар табылып, жыйынтык чыгаарынан үмүт үзө баштадым.

Бирок Ош шаардык милициясынын оор жана резонанстуу кылмыштарды тергөө бөлүмүнүн башчысы Сыргак Айткурманов мындай кабатырланууну четке какты:

- Мисалы, бул кылмыш бейбаштыктан улам же кызматтык ишине каршы жасалган болушу ыктымал деген версияларыбыз бар. Азыркы учурда атайын түзүлгөн топ бардык версиялар боюнча оперативдүү тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Бул аралыкта Кубаныч Жолдошевдин кесиптештери массалык маалымат каражатынын өкүлүн куугунтуктоону сөз эркиндигине кысымчылык катары баалашууда.

Маселен, көз карандысыз журналист Айбек Асан уулунун пикиринде:

- Бул адегенде сөз эркиндигине чабуул болуп саналат. Ошондуктан, укук короо органдары ушул өңүттө тергөө жумушун ыкчам жана так жүргүзүп, бул багытта ачык-айкын иштөөсү зарыл.

Журналист Айбек Асан уулу кесиптештери Кубаныч Жолдошевге катылгандарды тийиштүү органдар коомчулуктун катышуусунда жазалоосун талап кылып жатышкандыгын, бул өтүнүч орундалбаса, нааразылык акциясын башташаарын эскертти.

Ошентсе да, Ош шаардык милициясынын оор жана резонанстуу кылмыштарды тергөө бөлүмчөсүн башчысы Сыргак Айткурманов журналист Жолдошевди уруп-сабаганга жана чөнтөк телефонуна SMS кат жөнөтүп, коркутканга тиешеси барлар сөзсүз кармалып, мыйзам чегинде соттолоорун убада кылды.

- SMS билдирүү боюнча да оперативдүү кызматкерлерге катуу тапшырма берилген. Тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Менимче, кылмыштын бетин ачууга далалатыбыз күч, - деди шаардык милициянын өкүлү Сыргак Айткурманов.

Медиа талдоочулар соңку жылдары Кыргызстанда журналисттерге кол салуу фактылары күчөп бараткандыгын белгилешүүдө. Алсак, 2005-жылы - он төрт, 2006-жылы – он эки, 2007-жылы – он тогуз, 2008-жылы беш, ал эми быйылкы жылдын башынан бери тогуз журналист токмоктолгон.

Алардын бирөө тепкинин дартынан көз жумган. Мындан тышкары бир катар ММКлардын кызматкерлери чет өлкөлөргө аргасыздан баш калкалап кетишкен. Ал эми «Чек арасыз репортерлор» уюму сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан мурдагыдан он орунга ылдыйлап, 175 өлкөнүн арасынан 125-орунга түшкөндүгүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG