Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Ирандагы көчө кагылышуулары 8 кишинин өмүрүн алды


Тегеранда оппозиция тарапкерлери полиция менен кагылыша кетти. 27-декабрь, 2009-ж.
Тегеранда оппозиция тарапкерлери полиция менен кагылыша кетти. 27-декабрь, 2009-ж.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Тегеранда оппозиция тарапкерлери менен полициянын кагылышуусунан 8 адам мерт болгонун ырастады. Ашура дин майрамына туш келген окуя жайдагы митингдерден берки эң кандуу калабага айланды.

Ирандын коопсуздук күчтөрү дем алыш күндөрү Тегеран жана башка шаарларда өткөн ири демонстрацияга катышкан адамдарды камакка алууну улантууда. Дүйшөмбү күнү абакка түшкөн демонстранттар саны 300 адамга жеткени кабарланды. Parlemannews аттуу ирандык реформачыл интернет сайт оппозиция лидери Мир Хусейн Мусавинин 3 кеңешчиси баш болгон 7 белгилүү саясатчы камакка алынганын билдирди.

Ирандагы Эркиндик кыймылынын баш катчысы Эбрахим Язди дүйшөмбүдө эртең менен үйүнөн кармалып кеткенин анын тарапкерлеринин бири Амир Хоррам “Фарда” радиосуна кабарлады. “Яздинин камакка алуу менен бийликтегилер Эркиндик кыймылына кысым көрсөтүүнү көздөп жатышат. Андан башка себеп жок. Бизди токтоткулары келет”, - дейт Язди.

Жекшембиде ирандык шийилер үчүн мааниси зор Ашура диний майрамы (Мукамбет пайгамбардын небересинин өлгөн күнү) жана Ирандагы оппозициячыл кыймылдын руханий жолбашчысы, маркум Аятолла Хосейн Али Монтазеринин жетилигин белгилегени чогулган миңдеген адамдар көчөгө агылып, өкмөткө каршы ураан чакырып киришкен.

“Хаменеиге өлүм!” – деп кыйкырган демонстранттарды полиция көздөн жаш агызган газ чачыратып, резина таяктар менен оңду-солду койгулап, асманды көздөй кадимки ок атып тосуп алды.

Дүйшөмбүдө Ирандын мамлекеттик телеканалы көчө кагылышуусунан 8 киши набыт болгонун маалымдады. Полиция “биз окту асманды көздөй гана атканбыз, күнөө бизде эмес”, - деп четке чыга берди. Шейит кеткендер арасында ирандык оппозиция лидери, Жашылдар кыймылынын жетекчиси, жайдагы президенттик шайлоодо 2-орунду алган Мир Хусейн Мусавинин бир тууганынын баласы, 20 жаштагы Али Мусави да бар. Анын жакындары Алинин сөөгүн ооруканадан алып кеткени менен көмүүгө шарт болбой жатканын кабарлашты. Реформачыл интернет сайтта жарыялаган билдирүүсүндө оппозициянын дагы бир лидери Мехди Карруби “Иран калкынын басымдуу көпчүлүгү ыйык күн деп белгилеген Ашура майрамында бийликтегилер бейкөнүү адамдардын канын төгүүгө кантип батынды?” – деп ачуу суроо коет.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG