Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Обама Америка алдындагы коркунучтарды эске салды


Обама америкалык учактардагы коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды. 28-декабрь, 2009-ж.
Обама америкалык учактардагы коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды. 28-декабрь, 2009-ж.

АКШ президенти Барак Обама өткөн аптада америкалык учакты жардырууга аракет кылган адамдар акыры сөзсүз жазасын алат деп убада кылды. Барак Обама азырынча АКШнын аба каттамдарында коопсуздукту күчөтүп, учакка өткөрүү алдындагы текшерүү ишин баштан аяк кайра карап чыгууну тапшырды.

“Жардырууну даярдагандар жоопко тартылат”

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама 25-декабрда жүргүнчү толо учакты жардыра жаздаган аракет тууралуу дүйшөмбүдө алгачкы ирет коомчулукка кайрылды.

- Шектүү адам азыр абакта, ага учакты кыйратууга аракет кылган деген кине тагылды. Бул террордук акт боюнча кеңири тергөө иштери башталды, биз бул ишке катышы бар адамдардын баарын тапмайынча тынчыбайбыз.

Гавайи аралында үй бүлөсү менен жаңы жылдык эс алууда жүргөн Барак Обама кабарчылар менен жолугушуудан пайдаланып, Америкага касын таккан душмандарды эске салды.

- Бул окуя бизди сагаалап турган коркунучтар, душмандын табияты тууралуу эскертүү. Азыр абакта отурган шектүү адамдын арам ою ишке ашса, жакындары, достору менен майрамдаганы шашып бараткан 300дөй жүргүнчү, учактын экипажы бүт бойдон тындым болуп, учактан эчтеме калбай калышы мүмкүн эле.

Йеменде жашынган террорчулар түйүнү

Обама журналисттер менен баарлашып жаткан чакта, АКШнын Мамлекеттик департаменти виза бербөө тууралуу эскерткени менен, 23 жаштагы нигериялык Умар Фарук Абдулмуталлаб Америкага барууга уруксат алган экен деген кабарлар жарыяланды.

Йемендин расмий өкүлдөрү Абдулмуталлаб соңку жылдары Йеменде жашаганын ырасташты. Шейшембиде Ал-Каиданын жергиликтүү бөлүмү Амстердамдан Детройтко бараткан учакты АКШнын Йемендеги операцияларына каршы атайлап жардырмак болгонун моюнга алды. Америкалык чалгындоо кызматынын жардамы астында Йемендин армиясы ушул айда өлкөнүн начар көзөмөлдөнгөн аймактарында Ал-Каиданын жайлары бар деп шектелген эки жерге абадан сокку урган. Акыркы кездери Йемендеги дал ушундай туруксуз аймактар – Батышка коркунуч келтирген күчтөрдүн башкы очогу катары тааныла баштаган.

Шейшембиде Ал-Каиданын атынан интернетте таратылган билдирүүдө Абдулмуталлаб бул уюмдун Йемендеги өкүлдөрү менен кызматташып турганы айтылат.

Абдулмуталлабдын атасы уулунан шек санаарын айтып арызданган

Барак Обама азырынча АКШнын аба каттамдарында коопсуздукту күчөтүп, учакка өткөрүү алдындагы текшерүү ишин баштан аяк кайра карап чыгууну тапшырды. Айрыкча террористтик уюмдарга тиешеси бар, же катышы бар деп шектелген адамдардын тизмесин кылдат пайдаланып, АКШга кирүүгө уруксат берүүдө абайлап мамиле кылуу талап кылынды.

Аңгыча абакта отурган Абдулмуталлабдын Нигериядагы үй бүлөсү билдирүү таратып, анын өз өлкөсүндөгү белгилүү банкир атасы эки ай мурдараак Нигериянын коопсуздук кызматына кайрылып, атүгүл чет элдик атайын кызматтарга кат жазып, дайынсыз жоголгон уулун таап, үйүнө кайтарууну өтүнгөнүн жар салышты. Абдулмуталлабдын атасы АКШнын Нигериядагы элчилигине да кайрылып, уулу диний экстремисттердин тузагына илинген деп шектенээрин айткан экен.

Ошондон улам өткөн айда Умар Фарук Абдулмуталлабдын ысымы ыктымал террористтердин тизмесине киргизилген, бирок ал аэропорттордо колдонулчу атайын кара тизмеге кошулган эмес. АКШнын атайын кызматтары ал үчүн жетиштүү маалымат жок болчу деп актанууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG