Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Сенатор Иранга каршы санкциянын долбоорун даярдоодо


АКШнын сенатору Жозеф Либерман Иранга каршы экономикалык санкция киргизүү жөнүндө мыйзамды январдын аягында даярдап бүтүп калаарын билдирди. «Азаттыкка» берген интервьюсунда сенатордун санкция Иран өзөктүк куралдары боюнча эл аралык коомчулук менен иштешпей жатканы жана адам укуктарын тебелеп, оппозицияны куугунтукка алып жатканы үчүн даярдалууда, деди.
Кечээ Иран эл аралык коомчулук менен өзөктүк курал боюнча иштешүүдөн дагы бир жолу баш тартты. Тышкы иштер министри Манучер Мотакки болсо уранды байытуу иштери улана бере турганын билдирди.

Буга чейин АКШ, Улуу Британия, Кытай, Франция, Орусия жана Германия эгер Тегеран ушул калыбынан жыл аягына чейин жазбаса, жаңы санкциялар киргизилерин эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG