Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Орусия Иран менен Казакстандын жашыруун келишими жөнүндөгү маалыматтарды текшерүүдө


Казакстан жана Иран уран соодасы боюнча жашыруун келишимге жетишти деген маалыматтарды Орусия текшерип жатканы тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Андрей Нестеренко билдирди. Анын айтымында, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1737-резолюциясы Иранга өзөктүк материалдарды сатууга тыюу салат. Орусия “баардык өкмөттөр ушул резолюцияны катуу кармануусу керек” деп эсептейт. Кечээтен бери Астана менен Тегеран Казакстандын Иранга 1350 тонна уран сатуусун караган келишим боюнча жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы жөнүндө бир нече маалыматтар пайда болду. Бирок сөз болгон келишимди Казакстан да, Иран да төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG