Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Карзайдын "кишилери" өкмөткө өткөн жок


Кабул - Ооган парламенти президент Карзай сунуш кылган талапкерлердин басымдуу көпчүлүгүн өкмөт мүчөлүгүнө шайлаган жок.
Кабул - Ооган парламенти президент Карзай сунуш кылган талапкерлердин басымдуу көпчүлүгүн өкмөт мүчөлүгүнө шайлаган жок.

Ооганстанда жаңы өкмөттүн мүчөлүгүнө сунуш кылынган 24 адамдын 17син парламент жаратпай салды. Алардын ордуна эми жаңы талапкерлер көрсөтүлүшү керек.

Президент Хамид Карзай өзүнүн эски командасын – мурдагы он эки министрин толугу менен жаңы өкмөткө өткөргүсү келген эле. Бирок парламент алардан бар болгону мурдагы коргоо, ички иштер жана финансы министрлерине гана кайрадан ишеним көрсөттү.

Баары болуп өкмөттөгү жети кызматка, алардын ичинде билим берүү, айыл чарба министрлигине көрсөтүлгөндөр депутаттардын колдоосун алышты. Калган он жети орун бош калды. Тышкы иштер министрлигине эч ким сунуш кылынган жок. Бул кызматка ким талапкер болору ушул айда Лондондо өтө турган эл аралык конференциядан кийин аныкталат.

Парламент жаратпай салгандар арасында совет оккупациясы маалында партизандар отрядын жетектеп, кийин талиптерге каршы урушкан Исмаил Хан да бар. Ал мурдагы өкмөттө энергетика министри болуп иштеген, Карзай аны бул кызматка кайра сунуш кылган эле. Аялдардан биринчи ирет министрлик кызматка көрсөтүлгөн Хусн Бано Газанфар да парламент сынагынан өтө алган жок.

Депутаттар өкмөт мүчөлүгүнө Карзайдын мурдагы эле кишилери көрсөтүлгөнүн сынга алып, кабинетти жаңы кадрлар менен толуктоону талап кылышты.

Кабулдук саясий эксперт Вахид Можда карапайым калк да өкмөткө жаңы, колу таза адамдар келишин каалап жатканын кабарлады. Анын айтымында, эл ичинде: "Эгер Карзай чындап эле коррупцияга каршы күрөшкүсү келсе, анда эмне үчүн өзү менен беш же сегиз жыл бою бирге иштеп, алдым-жуттум аталган кишилерин кайра кызматка көрсөтөт?" –деп сурагандар көп.

"Парламенттин чечимин кош колдоп колдоймун, депутаттар элдин өкүлү катары министрлик кызматка көрсөтүлгөндөрдү ар тараптан териштирип, анан колдошу керек",-деп айтты "Азаттыктын" кабарчысына кабулдук тургундардын бири. Дагы бир киши "жаман атка конгон мурдагы айрым министрлер парламенттен колдоо алганына, ал эми жаңы кишилердин көбү өтпөй калганына" өкүнүч билдирип, мунун арты өлкөнү кайра кризиске алып келет деп айтты.

Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Кай Эйде министрлердин дээрлик көпчүлүгүн парламент бекитпей койгонуна таң калганын жашырбай, мындай абал жалпы өлкөдөгү жагдайга терс таасирин тийгизет деген камтамачылыгын билдирди. Былтыр августтан бери Ооганстан өкмөтсүз калганын эске салып, Эйде Лондондо 28-январда ачылганы жаткан эл аралык жыйынга чейин өлкөдө жаңы кабинет түзүлүшү керектигин эскертти.

Парламенттин көпчүлүк министрлерди бекиткенден баш тартканы Карзай үчүн да күтүүсүз иш болду.

"Президентти бул таң калтырды. Ага мындай жагдай, албетте, жакпайт, бирок ал конституцияга баш иет. Элдин өкүлчүлүктүү органы катары парламенттин аптарыйкатын да урматтайт. Анын үстүнө бул демократиянын шарты, президент эми өкмөттөгү айрым кызматтарды өзгөрткөнү жатат",- деп билдирди Карзайдын жардамчысы.

Эмдиги аптада министрлик кызматтарга жаңы талапкерлер тандалат.

Жергиликтүү айрым байкоочулар Карзай тандаган талапкерлердин көпчүлүгүн четке кагып, ыпылас ыкмалардын аркасында экинчи ирет президент болуп шайланганы үчүн ага парламент "саясий сазайын берди" деп кыяз кылышат.

"Азаттыктын" архивинен: Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасына оппозициянын талапкери Абдулла Абдулла катышпай турганын жарыялады.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG