Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Экс-прокурор үч адамдын өлүмүнө жоопкер делип атат


Нааразылык акцияларынын бири маалында, 2010-жыл, 8-январь
Нааразылык акцияларынын бири маалында, 2010-жыл, 8-январь

Ирандын парламенттик комиссиясы Тегерандын мурдагы прокурорун июнь айындагы президенттик шайлоодон кийин каза тапкан үч демонстранттын өлүмүнө жоопкер деп тапты.

Махмуд Ахмединежаддын кайрадан президент болуп шайланышына нааразы болуп көчөгө чыккандардын бир далайы кармалган болчу. Кийин 147 адамдын үчөө каза
болуп калышкан.

Таяктын уусунан каза табышы ыктымал

Оппозиция менен элдин талабынан кийин Иран парламенти атайын комиссия түзүп, бул окуяны иликтеп чыкты. Анын ишембиде жарыяланган жыйынтыгына караганда бул окуяга Тегерандын мурдагы прокурору Саид Мортазави күнөөлү болуп атат. Анткени ал нааразылык акциясы маалында кармалгандарды Тегерандын Эвин деп аталган кадимки түрмөсүнө эмес, Кахризак лагеринде камоого буйрук берген экен.

Мохсен Рухоламини, Мухаммад Камрани жана Амир Жавадивар барган Кахризакта тамак-аш менен дары-дармек жетишсиз болгон, анан да алар балким кыйноого салынып, таяктын уусунан да мерт кетиши ыктымал делип айтылууда.

Камчысы күчтүү прокурор

Алар талаштуу президенттик шайлоодон кийин өкмөткө каршы уюштурулган нааразылык жыйыны маалында 9-июлда камакка алынышкан.

Саид Мортазави демонстранттарды камоодо жана аларды суракка алууда башкы ролду ойногон, кийин ал прокурор кызматынан Ирандын контрабандага каршы агенттигинин башчылыгына которулган болчу.

Алгач Кахризак лагеринин башчылары орундун жоктугун айтып, кармалгандарды кабыл алуудан баш тартышкан экен, бирок Тегерандын андагы прокурору Мортазави өкмөткө каршы чыккандар ушул жерде гана жатсын деп катуу талап кылганы айтылууда.

Бул лагер башында убактылуу кармоочу жай деп гана ачылган жана ал жерде ырасмий түрмөдөгүдөй шарттар түзүлгөн эмес.

Парламенттик комиссиянын мүчөсү Казем Жалалинин айтымында, Кахризак алгач маңзаттарды саткандар сыяктуу ашынган кылмышкерлерди кармаш үчүн ачылган. Кийин ал жерде оппозициянын алиги үч тарапкери каза тапкандан кийин бул лагерди өкмөт тез арада жапканга аргасыз болду.

Сексуалдык зордук болгонбу?

Июндагы президенттик шайлоого талапкер болгон Мехди Карруби Кахризакта кармалгандар сексуалдык зордуктоого да туш болгон деп билдирген эле, бирок парламенттик комиссия азырынча андай маалыматтар аныкталган жок деген бүтүмгө келди.

Камакта жаткандардын айрымдарынын адвокаты Назрин Сотоудех аттуу айым «Азаттыктын» Фарда радиосуна берген интервьюсунда камактагылар сексуалдык зордуктуктун курмандагы болгон же болбогону дыкат иликтөөгө алынышы керек деп билдирди.

– Бул парламенттик комиссиянын колунан келе турган иш эмес, анткени ал үчүн юридикалык дыкат иликтөөлөр зарыл. Ошол себептен Карруби мырза сот системасынын жетекчилиги алдында далил материалдарды берүүгө даярмын деп бекеринен айткан жок да. Сот өтүшү керек, сотто болсо алиги документтер көрсөтүлүшү зарыл, - деди ал.

Оппозициянын маалыматы боюнча президенттик шайлоодон кийин нааразылыкка чыккандардын сексендейи каза табышты. Бийлик болсо каза тапкандар кырктын тегерегинде деп келатат.

XS
SM
MD
LG