Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Чүйдө саясий себеп менен камалгандарды бошотуу комитети түзүлдү


Мындай комитет бүгүн Москва районунда түзүлгөнүн "Азаттыкка" комитет төрагасы Калык Үрүстөмов кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн райондогу бир катар бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү чогулушту. Алар негизинен генерал Исмаил Исаковду жана Петровка окуясынын уюштуруучулары катары сегиз айдан бери камакта жатышкан Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскуловду боштондукка чыгаруу талаптарына кошулуу маселесин талкууга алышты. Азырынча райондон ачкачылык акциясына кошулгандар жок. Бирок эртең бул маселе Чүйдүн башка райондорунда да талкууга алынаары күтүлүүдө. (JJ)

XS
SM
MD
LG