Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Иран өзөктүк программа боюнча дүйнөлүк коомчулуктун сунушун четке какты


Бул тууралуу кабар азыр Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиги (МАГАТЭде) талкууланып жатат. Тегеран улуттар уюму киргизген сунуштун маанилүү бөлүктөрү менен макул эместигин айткан. Мисалы, сунуш боюнча Тегеран уранды өзүндө байытпай, аны байытуу үчүн уранын Орусияга жана Францияга жибериши керек эле. Тегеран болсо өзүнүн уранынын көпчүлүк бөлүгүн сыртка жиберүүгө каршылык билдирди.

Батышта айрым мамлекеттер "Уран Тереганга атомдук бомба жасаганга керек болуп жатат” деп кооптонууда. Иран болсо муну четке кагып, уран ага жайчылык максатта гана керек деп келет.

XS
SM
MD
LG