Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Ооганстанда шайлоо мөөнөтү өзгөрдү


Президент Карзай ушул аптада Лондондо өтүүчү эл аралык конференцияда талибдерди нормалдуу жашоого тартууну караган планын сунуш кылганы жатат.
Президент Карзай ушул аптада Лондондо өтүүчү эл аралык конференцияда талибдерди нормалдуу жашоого тартууну караган планын сунуш кылганы жатат.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясы май айына белгиленген шайлоону сентябрга которду жана өз чечимин бир катар себептерге байланыштырды. Кабулдун Батыштагы өнөктөштөрү мындай чечимди кубаттоо менен кабыл алчудай.

Ооганстандын кезектеги парламенттик шайлоосу башында 22-майга белгиленген эле. Эми өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясы кечээ, жекшембиде жарыялангандай, жалпы элдик добуш берүүнү 18- сентябрга которду. Комиссиянын мүчөсү Закрия Берикзай мындай чечимдин жүйөөсүн төмөнкү жүйөөлөр менен түшүндүрдү:

- Талаптагыдай каражат алуудагы кыйынчылыктарга, коопсуздук жүйөөсүнө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодогу тоскоолдуктарга, ошондой эле шайлоонун жол-жоболорун жакшыртуу үчүн кызыкдар тараптар менен акылдашкан соң,биз шайлоону 2010-жылдын 18- сентябрына которуу керек деген тыянакка келдик.

Кабулдан түшкөн кабарларга караганда, ооган шайлоо комиссиясынын мындай чечимин Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары кубаттап кабыл алышкандай. Анткени, президент Хамид Карзай шайлоонун мурда белгиленген мөөнөттө эле өтүүсү үчүн аракеттенгени менен Ооганстанда аскери бар өлкөлөрдөн расмий өкүлдөрүнүн көбү былтыркы августтагы шайлоону булгагандай бурмалоолорго жол бербеш үчүн добуш берүүнүн кийинкиге калтырыла турушун жакташкан эле.

Шайлоонун шаанисин бузбоо

Августагы талаштуу президенттик шайлоо Карзайдын өзү үчүн эле эмес, эл аралык коомчулуктун согуштан башы чыкпай жаткан бул өлкөдө демократияны колдоо мүдөөсүнө көлөкө түшүргөн эле. Добуш берүүнүн арты одоно бурмалоолор жөнүндөгү ырастоолор менен коштолуп, натыйжада шектүү деп эсептелген миллиондон ашуун добуш жараксыз деп табылган. Узакка созулган эсептөөлөр менен иликтөөлөрдөн кийин азыркы президент Хамид Карзай жана анын башкы атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла экинчи айлампага чыгып, бирок кайра адилет шайлоо өтүшү үчүн өлкөдө шарт жок деп ырастаган Абдулла жарыштан өз эрки менен баш тарткандан кийин жеңиши күмөн туудурса да, Карзайдын экинчи мөөнөткө бийликте калуусуна жол ачылган.

Андыктан алдыда парламенттик өнөктүк турганын эске алганда, дагы бир шайлоонун ызы-чуу менен коштолуусу өлкөнү Талибандын козголоңчуларына каршы бириктирүүгө умтулуп жаткан Карзайдын өкмөтүнө карата колдоого шек келтирет деген тынчыздануулар өлкөнүн ичинде да, сыртында да пайда болгон.

Ооганстанда аскери бар өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн пикиринде, май айында аскерлердин шайлоо бекеттерин кайтаруу менен алектениши аларды негизги милдеттен – соңку кездери күч алган Талибанга каршы күрөштөн алагды кылмак. Анын үстүнө бул мөөнөт Ооганстандагы аскерлердин саны көбөйтүлгөн учурга туш келүүдө. АКШ менен НАТО өлкөлөрүнөн кошумча келүүчү жоокерлер саны 30 миңдин тегерегинде. Жай айлары адатта Ооганстанда уруш күчөгөн учур катары эсептелет.

Талиптерди тартуу

Бул аралыкта ооган президенти Хамид Карзай кечээ бир апталык сапарга аттанды. Ал 28- январда Ооганстан боюнча Лондондо өтүүчү эл аралык конференцияга чейин Түркияда жана Германияда болот. Лондон конференциясы учурунда ооган расмий өкүлдөрү жана алардын эл аралык шериктери Талибандын адамдарын саясий жараянга тартуу маселесин да талкуулашат. Президент Карзайдын өзүнүн Би-Би-Сиге айтканына караганда, ал конференцияда Талибандын согушкерлерин акча жана иш сунуш кылуу аркылуу нормалдуу жашоого кайтарууну көздөгөн схеманы сунуш кылмакчы. Ал эми АКШ менен Британия мындай планга колдоосун көргөзөт.

Америкалык “New York Times” жана британдык “Financial Times” гезиттеринин жазганына караганда, өткөн аптада Пакистанда болгон учурунда Пентагондун башчысы Роберт Гейтс АКШ Талибандын ооган өкмөтүнө катышуусун колдоорун, алар ооган өкмөтү менен элдешкенге чейин мыйзамдуу роль ойноого даяр болуусу керектигин, бирок маселе “Талибандын 21-кылымдагы Ооганстанды курууга жардам берүүгө даярдыгына же азыр да адамдарды гана өлтүрүүнү көздөгөнүнө” байланыштуу экенин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG